Другие новости Соль-Илецка и Оренбургской области на этот час

Кыргызстан Орусиядагы 519 жаранын Казакстан аркылуу алып келе жатат

Орусиянын Казакстан менен чек арасында топтолуп турган кыргызстандык мигранттар маселеси негизинен чечилди. Бул тууралуу 5-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин расмий өкүлү Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.


Элчиликтин маалыматына караганда, 5-майда Оренбург облусунун Соль-Илецк аймагынан казак тарапка тогуз автобус менен жалпысынан 519 кыргыз жараны өттү. Алардын 155и бул облустун Бузулук шаарында, калгандары ушул Соль-Илецк шаарынын четинде топтолуп тургандар.


Автобустардын жетөөнүн жол акысын кыргыз өкмөтү төлөдү, экөөнүкү коммерциялык негизде каржыланды.


Орусиянын шаарларынан автоунаа менен жолго чыккан кыргыз жарандары коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан орус-казак чек ара тилкесинде турганына 1,5 айга чамалаган.


Соль-Илецк аймагындагы чек ара өткөрмөсү 17-мартта жабылып калган.


Элчилик кабарлагандай, ал жерде дагы 70ке жакын кыргызстандык калып калды. Алар жеке машинасында чек ара ачылганча күтмөй болушту.


Ал эми Бузулук шаарында 300дөй мигрант топтолуп турган, алардын 155и (негизинен кош бойлуулар, балдар жана улгайгандар) бүгүн Соль-Илецкиден жолго чыкты.


Казакстан чек арада топтолуп турган кыргыз мигранттарына бир жолку транзиттик жол ачып берүүгө макул болуп, бирок алар атайын уюштурулган автобустар менен гана ташыларын айткан жана жеке автомашинасын ар бири ошол жактагы токтотмолорго калтырышы керек деген шарт койгон.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мигранттар казак-кыргыз чек арасына жеткенче Казакстандын 2 миңден ашуун чакырымын, төрт облусун аралап өтөрүн билдирген. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Соль-Илецке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Оренбургской области
Экология в Оренбургской области
Спорт в Оренбургской области
Moscow.media










Топ новостей на этот час в Соль-Илецке и Оренбургской области

Rss.plus