Чейрек финалдык этапта Жоламан Шаршенбеков грузиялык атаандашы Ираклий Дзимистаришвилини жеңип алган болчу.
Финалга чыгуу үчүн Шаршенбеков азербайжандык Мурад Мамедов менен кармашат. Жарым финалдык таймаштар кечки саат 20:45те башталат.
Ийгилик жараткан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы машыктыруучулары Нурбек Изабеков жана Байгазы Кенжебаев менен чогуу түшкөн сүрөттү жарыялады.
Он жыл мурдараак залда өзү машыгып, такыр башка иш менен жүргөн Нурбек Изабековдун оюна кыздарды беттештерге даярдайм деген ой келген эмес. Азыр балбандары дүйнө чемпионатын багындырып, Олимпиададан байге менен кайтууда.
Өлкө башчысы Мээримдин дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде эң жогорку чеберчиликти көрсөткөнүн өзгөчө белгилеген.
Мээримдин жеңишинен кийин дүйнө коомчулугунун назарында Кыргызстандын желеги өйдө көтөрүлүп, гимни жаңырды.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон Мээрим Жумуназарова жеңишинен кийин Бириккен күрөш дүйнөсүнө интервью берди.
Норвегиянын Осло шаарында дүйнө чемпионаты уланууда. Бүгүн 60, 97 жана 130 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.