Мээрим Жуманазарова өлкө тарыхында Айсулуу Тыныбековадан кийин чоңдор арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын алган экинчи кыз болуп калды.
Кыргызстандык белгилүү балбан Мээрим Жуманазарова Норвегияда чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон видео жарыяланды. Беттештин кызыктуу жерлерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналы жүктөдү.
АКШ биринчи орунда, Россия экинчиде, Иран үчүнчү сапта келе жатат. Ал эми Япония төртүнчү катарга жайгашты.
Жуманазарова менен Велиеванын кармашы 3:3 эсеби менен аяктаган. Бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.
Осло шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча эң оор салмактагы балбандардын мелдеши жыйынтыкталды.
Дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Бүгүн 55, 72, 77 жана 82 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.