Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.
Россиянын Новосибирск шаарында эл аралык "Мемориал Нестеренко" юбилейлик мелдеши жыйынтыкталды. Ага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субъектисинин балбандары катышып, күч сынашты.
Окуя 13-сентябрга караган түнү Бруклиндеги Barclays Center аренасында болгон. Макгрегор үч жыл мурда да ошол эле жердин унаа коюучу жайында UFC мушкерлери келе жаткан автобуска кол салып чыр чыгарган.
Бул турнирге судьялардан турган жети облустун жана Бишкек шаардык сотунун курама командалары катышкан.
Футболчулар алгач кайым айтышып, андан кийин мушташа кетишкен. Алардын чыры эмнеден келип чыкканы белгисиз.