Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен футболчулар эс алуучу бөлмөгө кирип, спортчуларга ыраазычылык билдирген.
7-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кайрадан футбол сүйүүчүлөрү үчүн майрам болду. Бул ирет Кыргызстан Бангладештин футболчулары менен беттешип, аларды 4:1 эсебинде жеңди.
Трибунанын чыгыш тарабында Жибек аттуу кыздын болочок жолдошу "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген чоң жазуусу бар плакатты жайган.
Учурда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладештин спортчулары менен беттешип жатат. Азыркы тапта ата мекендик спортчулар 2:0 эсеби менен алдыда.
Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашат. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо старт алды.
Бул ата мекендик спортчулар үчүн "Үч улуттун кубогу" мелдешинин алкагындагы экинчи беттеш. "Ак шумкарлар" биринчи оюнда палестиналыктарды 1:0 эсебинде жеңген.
Мушкер кыз Шевченко эки аптадан кийин чемпиондук наамын коргоо үчүн кезектеги беттешине чыгат. Бу сапар атаандашы 37 жаштагы америкалык спортчу болмокчу.
UFC Russia уюму өзүнүн YouTube каналына жай айында өткөн Ultimate Fighting Championship мелдештериндеги мыкты сабмишендердин (багынып берүү) жыйнагын чыгарды.
Социалдык фонддун Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов пенсияны жогорулатууга республикалык бюджеттен 154,3 миллион сом сарпталарын айтты.
Мындай чечим келерки аптадан тарта күчүнө кирет. Бирок тиешелүү өлкөлөрдүн бийлиги койгон талап-чектөөлөрдү аткаруу зарыл.