Калмира 55 килограмм салмак чен бирдигинде күрөшүп, жарым финалда россиялык Анастасия Яндушкина менен кез келди.
Кыз-келиндер дагы, эркектер дагы Тажикстандын волейболчуларын 3:0 эсеби менен утуп, бир дагы жеңишти колдон чыгарган жок.
Билимбек кызы алгач төрт упайлык ыкма менен атаандашын жамбашка алып чаап, 1 мүнөт 43 секундун ичинде таза жеңишти камсыздады.
Түндүк Американын Башкы бейсбол лигасындагы (MLB) "Окленд Атлетикс" клубунун оюнчусу Крис Бэсситтке саатына 160 чакырым ылдамдыкта учуп келген топ тийип, ал жатып калган.
Кыргыз тараптан команданы Лейлек боюнча чек ара өкүлүнүн орун басары, тажик тараптан Ганчи районундагы чек ара өкүлүнүн орун басары жетектеп келген.
АКШда футболчулар топтун аркасынан чуркап, оюн кызып турганда трибунада энеси менен отурган эки жашар бала чуркап чыга калган. Видео социалдык тармакка желдей тарады.
Спортчу кыздар деңиз деңгээлинен 4 818 метр бийик болгон чокуга чыгышкан. Ал Кыргызстандагы Каравшин капчыгайынан анча алыс эмес Орто-Чашма өрөөнүндө жайгашкан.
Бул аталган шаарда өткөн эң абройлуу футболдук беттеш болуп калат. Өлкө кубогу мелдешин өткөн жылы Оштун "Алай" клубу уткан.