Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча кыз-келиндер арасында алгачкы жолу Олимпиададан күмүш медаль тагынган Айсулуу Тыныбекова Токиодон видео кайрылуу жасады.
Индиялык спортчу финалга чыкканда Акматалиев коло байге үчүн таймашка чыгууга укук алмак. Кыргыз спортчусу ушуну менен Олимпиададагы оюнун жыйынтыктады.
Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер Канатбек Арпачиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсү боюнча өлкөдө ар бир төртүнчү адам дене тарбия же спорт менен машыгарын айтты.
"Барселона" клубу командадан кетип жаткан экс-капитаны Лионель Мессинин ийгиликтерин тизмектеп чыгарды. Анда футболчунун дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери камтылган.
Клубдун сайтында оюнчунун жана клубдун каалоосу аткарылбай калганына эки тарап тең аябай өкүнүп жатканы жазылган.
Индиялык спортчу эми финалга чыга турган болсо, анда Акматалиев коло байге үчүн таймашка чыгууга укук алат.
Кыргызстандык балбан баштапкы этапта АКШлык Гэйбл Стивенсон менен кармашып, америкалыкка таза техникалык артыкчылык менен утулган.