Марафон бүгүн, 28-мартта, Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында өттү. Анда кыргызстандык төрт спортчу байгелүү орундарды камсыздашты.
2022-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо турунда Сербия менен Португалия кечээ Белградда беттешти. Оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Эки жыл мурда россиялык мушкер британиялыкты нокаутка түшүргөн болчу. Эми Диллиан Уайт Александр Поветкинден реванш алды.
Жекшембиге караган түнү Лас-Вегаста UFC 260 турнири болуп өттү. Кеченин башкы беттешинде хорватиялык Стипе Миочич чемпиондук наамынан ажырады.
Апрелдин этегинде UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион (52 кг) Жессика Андраде менен кармашат.