Новиков Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ушунча жылдан бери спорттун түрүн өнүктүрүү жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча кандай иштерди алып барып жаткандыгы түшүнүксүз экенин айтып, сындады.
Окуя Италия чемпионатынын 27-турундагы "Ювентус" менен "Кальяри" беттешинде катталган. Оюнда туриндиктер 3:1 эсебинде утуп, Роналду хет-трик жасаган.
Өлкө чемпионаты чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, кыздар-балдар катышат. Жеңип чыккандардан эл аралык мелдештерге бара турчу команда куралат.
Жогорку лиганын оюндарына чүчү кулак 16-март күнү тартылып, атаандаштар аныкталат. Лигада алты команда таймашат.