17-майдан 18-майга караган түнү Бишкектин Курманжан Датка көчөсүндө жүздөгөн киши топтолду. Алардын бир бөлүгү чет элдиктер жашаганы айтылган имараттын жанына чогулушту. Айрымдары Кыргызстанга келген чет элдиктердин маселесин көтөрдү. Ишембиде таң атканда чогулгандар тарай баштады.