Актөбөдө күйгөн автобустун айдоочулары абакка кесилиши мүмкүн

Январь айында 52 өзбекстандык мигранттын өмүрүн алган автобус кырсыгы боюнча Казакстандын Актөбө шаарында өтүп жаткан соттук териштирүүдө прокуратура беш айыпталуучуну абакка кесүүнү соттон өтүндү. 30-октябрдагы соттук отурумда прокурор Осман Орунбасарулы айыпталып жаткан казак жарандары жүргүнчүлөрдүн өлүмүнө күнөөлүү экенин айтты. Ал күйүп кеткен автобуска ээлик кылган “Asia Transit Service” компаниясынын эки кызматкерин жети жылга, үч айдоочунун ар бир бирин беш жылга эркинен ажыратууну сурады.


Айдоочулар “өрт коопсуздугун сактабай адам өлүмүнө себепчи болгон”, ал эми компаниянын кызматкерлери “техникалык жактан жараксыз унааны коммерциялык каттамга чыгарган” деген негиз менен сот жообуна тартылууда. Беш айыпталуучу тең күнөөсүз экенин айтып жатышат.


Быйыл 18-январда Казакстандын Чымкент калаасынан Орусиянын Самара шаарына бара жаткан автобус орто жолдо күйүп кетип, андагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү каза тапкан. Алардын дээрлик баардыгы Өзбекстандан Казакстан аркылуу Орусияга бараткан эмгек мигранттары болгон. Бул иш боюнча сот 3-сентябрда башталган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Самаре

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Самары
Экология в Самарской области
Спорт в Самарской области
Moscow.media










Топ новостей на этот час в Самаре и Самарской области

Rss.plus