Орусия: мектепке кол салган өспүрүмдөр
15-январда Орусиянын Пермь шаарында 16 жаштагы эки өспүрүм мектепке бычак менен кирип, мугалимге жана окуучуларга кол салган. Андан 15 адам жарадар болуп, мугалим менен эки окуучу оор абалда. Кол салган өспүрүмдөр камакка алынган. Окуя Пермь шаарындагы №127 мектепте болгон.