Навальный өзүн ууландырды делген ФСБнын кызматкери менен сүйлөшкөнүн жарыялады

Орусиянын оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный өзүн ууландырган делген Коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин бири менен сүйлөшкөнүн жарыялады. Бул тууралуу саясатчы өзү айтып чыкты. Анын айтымында, иликтөөчү журналисттер менен бирге өзүн ууландырууга катышкан Федералдык Коопсуздук кызматынын бир нече кызматкерине атайын жабдык менен чалып чыккан. Алардын арасында Константин Кудрявцев аттуу кызматкер менен "Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин жардамчысы катары өзүн тааныштырып" сүйлөшкөн.




Анын жүрүшүндө Кудрявцев саясатчыны ууландыруу операциясына катышканын жана “эгер Навальный түшкөн учак дароо Томскка конбогондо ал каза болмок” деген пикирин айткан.


Ошондой эле Коопсуздук кызматынын кызматкери делген адам бул операциянын башка катышуучулары боюнча да маалымат берген.


Алексей Навальный бул видеону youtube порталына жарыялары менен бир саат ичинде бир миллиондон ашык адам көрдү.




Сентябрда европалык бир нече лаборатория 44 жаштагы орус оппозициячыл саясатчысы ууландырылганын тастыкташкан. Навальный августта Сибирден (Томск шаарынан) Москвага бараткан учакта өзүн жаман сезип,  учак жакыныраак шаар болгон Омск шаарынын аба майданына кондурулган. Тез жардам көмөгү берилген соң, ал Берлиндеги клиникага которулган.


14-декабрда «Bellingcat» иликтөө тобу жана «The Insider» басылмасы Навальныйдын ууландырылышы тууралуу иликтөөсүн чыгарган. Материалда кол салууга аралашкан болушу керек деген орусиялык атайын кызматта иштеген бир нече адамдын аты аталган.  Иликтөөдө Навальныйдын сары изине түшүп жүргөндөрдүн ысымдарынын арасында Алексей Александров, Иван Осипов жана Владимир Паняев көрсөтүлгөн.


Кремль оппозиционердин ууландырылышына өзүнүн тиешеси жок экенин айтып, аны ууландыруу аракетин жасаган деген доолорду өзүнө жуутпай келет.


17-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында Навальныйдын ууландырылышы боюнча суроого жооп кайтарып,  мындай ушак-айың - “АКШнын атайын кызматтарынын маалыматын легалдаштыруу” деп атаган.


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Омске

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Омска
Экология в Омской области
Спорт в Омской области
Moscow.media










Топ новостей на этот час в Омске и Омской области

Rss.plus