Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолукту
Президент Садыр Жапаров Москвадагы иш сапарынын алкагында бүгүн 24-февралда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кабарлады.
«Биз Москвага жетип, коронавируска карата ПЧР анализ тапшырдык. Баарынын анализи таза чыкты. Азыр Президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугууда», - деди Байтерек.
Владимир Путин Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктап, Кыргызстанда "ички саясий абал турукташат" деген ишенимде экенин билдирди.
Кыргызстандын президенти өз сөзүндө Орусиянын көргөзүп келаткан колдоосуна ыраазычылык билдирип, Путинди ырасмий сапар менен өзүнө ыңгайлуу каалаган убакта Бишкекке келип кетүүсүн өтүндү.
Жапаров ошондой эле иш сапарынын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукмакчы.
Садыр Жапаров президент катары өзүнүн алгачкы чет мамлекетке болгон иш сапарын Орусиядан баштады.
Аны эки вице-премьер-министр баш болгон жоон топ кыргыз делегациясы коштоп жүрөт.
Президент Садыр Жапаровду тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, вице-премьер-министр Улан Кармышаков болуп баш-аягы сегиз министр коштоп жүрөт.
Андан тышкары Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да делегациянын курамында бар.
Жапаров эки күндүк сапары учурунда Орусиянын президенти Владимир Путин, премьер-министр Михаил Мишустин, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин, Федерация Кеңешинин жетекичи Валентина Матвиенко, ошондой эле бизнес коомчулук жана Орусиядагы кыргыз мигранттары менен жолугуша турганы айтылган.
Сапардын алкагында Кыргызстанга берилчү вакцина, гранттык жардам жана жеңилдетилген 100 млн. доллар насыяны алуу, газ, темир жол жана учак каттамдары боюнча сүйлөшүүлөр болору кабарланган.
Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы чет элдик сапарында ири долбоорлорго байланыштуу келишимдерге кол коюлбай турганын айтып, аны мындайча түшүндүрдү.
«Бул иш сапарды бет ачар деп айтса болот. Себеби, биздин президент Кыргызстанда белгилүү саясатчы болгону менен эл аралык айдыңда анча таанымал эмес. Орусиянын президенти жана жогорку кызмат адамдары менен жолугуп көз караштарды аныктап алуу процесси жүрөт. Ошондуктан менин жеке пикиримде бул сапарда чоң келишимдерге кол коюлбайт».
Орусиянын «РИА Новости» агенттиги 24-февралда Садыр Жапаровдун интервьюсун жарыялады. Анда кыргыз президенти Орусия Кыргызстандын ишенимдүү союздашы экенин айтып, тышкы саясатта Кыргызстан эгемендик алгандан бери боло келгендей эле Орусия стратегиялык өнөктөш экенин билдирген. Ошондой эле Орусиядан ири ишканалардын эле эмес, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрүн да Кыргызстанга алып келүү аракети болорун айткан.
Кайсы инвестициялар тууралуу сөз болуп жатканы азырынча белгисиз. Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев экономикалык кызматташтык тууралуу мындай деди.
«Коомчулукка ачык айтылбаган, бирок көмүскөдө сөз болчу иштер бар деген пикирдемин. Мисалы, Кыргызстан аркылуу өтчү газ кууру боюнча маалымат жок. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоору тууралуу диалог кылыш керек. Андан тышкары Канттагы аскер-аба майданы боюнча да маселе көтөрүлүшү ыктымал. Албетте, кыргыз мигранттарына байланыштуу да тема турат».
Москва менен биргеликте курула тургандыгы пландалган «Камбар-Ата-1» ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча энергетикалык долбоорлордун тагдыры чечилбей турат. Былтыр ноябрда Садыр Жапаров Нарын ГЭСтер каскады курула баштайт деп убада берген. Кийинчерээк Кыргызстан менен Орусиянын тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрү бул маселени талкуулаган эле.
Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарынын алдында «Слово Кыргызстана» гезитине анын «Өнөктөштүк байланыш» аттуу макаласы чыккан. Анда ал 2020-жыл Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кайчылаш жыл деп аталганын, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында 200 иш-чара пландалганы менен пандемиядан улам ишке ашпай калганын белгилеп, быйыл бул демилгени улантуу сунуштаган.
«Кыргызстан бюджетин толтура албай турганда сөзсүз акча сурайт. Бирок каржы маселесинде Орусиянын да өзүнүн талабы бар. Алардын президенттик башкарууну сактоо, ЕАЭБден чыкпоо, жарандык коомду тизгиндөө керек деген талаптары бар», - деп кошумчалады Эмил Үмөталиев.
10-январда Кыргызстанда башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдумда шайлоочулардын көбү президенттик башкарууну тандады. Талдоочулар саясий жагынан алганда бул Кремль үчүн ыңгайлуу экенин айтып жатышат.
Жарандык активист Адил Турдукулов Садыр Жапаровдун чет өлкөгө алгачкы сапары ырасмий Москва жана Жапаров үчүн да канчалык маанилүү экенине токтолду.
«Европанын Орусияга болгон басымы күчөп жатат. Ар кандай санкциялар дагы деле уланууда. Бул жааттан алганда Москвага баш ийген мамлекеттер бар экенин көрсөтүү геосаясий жагынан Орусияга маанилүү. Ал эми Садыр Жапаров эл аралык аренада, өзгөчө КМШ өлкөлөрүндө легитимдештирүү ишин кылып жатат. Андан тышкары Кыргызстандын ичинде да Садыр Жапаровду шайлаган жана шайлабаган жарандар үчүн да улуттук лидер катары көрсөтүүсү маанилүү».
Быйыл 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаровдун чет элге алгачкы иш сапары 24-25-февраль күндөрү Москвага жасалууда. Мурдараак Жапаровдун президент катары ырасмий мамлекеттик иш сапары Казакстандан баштала турганы да кабарланып келген эле.