Орусия европалык расмий адамдардын “кара тизмесин” кеңейтет
Орусия 23-сентябрда өлкөгө жана жарандарына каршы “кас кадамга” жооп иретинде европалык расмий адамдардын “кара тизмесин” кеңейтип жатканын билдирди.
Тышкы иштер министрлиги кандай чаралар көрүлөрүн тактаган жок. Бирок Орусияга кирүүгө тыюу салынган Еврошаркеттеги расмий адамдардын саны биримдик “кара тизмеге” камтыган орусиялыктардын санына барабар болорун белгиледи.
Москва Брюссель “конфронтация” саясатын уланта берсе, дагы чара көрөрүн эскертти.
Тараптар Орусия Батыштагы шайлоолорго аралашкан болушу ыктымал деген дооматтардан, Крымдын аннексиясынан, оппозиционер Алексей Навальныйды ууландыруу аракети болгон деген шек саноодон улам талашып- тартышып келишет.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Москвадан оппозиционердин “Новичок” деген химиялык агент менен ууландырылышы боюнча түшүндүрмө талап кылышкан.
Шаршембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Батыш Навальныйдын ооруканага түшкөнүн бетке кармап “дезинформация кампаниясын жүргүзүп жатат" деп Кремлдин айыптоосун дагы бир жолу кайталады.