Орусияда оппозициячыл партия аталышын өзгөрттү
Орусиядагы оппозициячыл “Жарандык демилге” партиясы аталышын өзгөртүп, “Өзгөрүүлөр партиясы” деп аталды. Мындай чечим партиянын 23-июндагы съездинде кабыл алыны. Партиянын лидерлигине Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, Москва мэрлигине талапкерлигин койгон Дмитрий Гудков шайланды.
Партиянын саясий кеңешине жаңы 15 киши кирди. Алардын арасында теле алып баруучу, быйылкы президенттик шайлоодо талапкер болгон Ксения Собчак, партиянын мурдагы лидери Андрей Нечаев, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун уулу Антон жана башкалар бар.
Партия учурда негизги милдети катары Москва мэрлигинде жеңишке жетүүнү көздөп жатат.
Москва шаарынын мэрлигине шайлоо 9-сентябрда өтөт. Азыркы шаар башчысы Сергей Собянин дагы ага катышары белгилүү. Оппозициячыл активист Илья Яшин да шайлоодо ат салышарын шардана кылган.