ИИМ: Москвада өлтүрүлгөндөрдүн бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон
Орусиянын Москва шаарында киши колдуу болуп өлгөндөрдүн бири, 37 жаштагы Искендер Жолборсов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2015-жылдан берип каттоодо турган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Өлтүрүлгөндөрдүн экинчиси, 37 жаштагы Муратбек Маматалиев бир ай мурда Мосвага акча таап келиш үчүн барганы аныкталды. Ал уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси жок.
Канга боёлуп, кыйноо менен өлтүрүлгөн кишилер тартылган сүрөттөр жана анын Москванын Жуковский аймагынан табылганы жөнүндө маалымат 8-январда Интернетте тараган болчу. Кийин табылган эки кишинин сөөгү кыргызстандыктарга таандык болуп чыкканы кабарланган.
Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү окуя боюнча Москва облустук тергөө комитети "Киши өлтүрүү" беренесине ылайык кылмыш иши козголгонун маалымдады. Кыргызстандын ИИМи окуянын бетин ачыш үчүн Орусиянын күч кызматтары менен чогуу иш алып барып жатканын билдирди.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары маркум Искендер Жолборсовдун “Сакал” аттуу каймана аты бар Улан Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунда мүчө экендигин жазып чыгышкан болчу. (ErN)