Ливанда нааразылык акциясына чыккандар жабыркады
Бейрут шаарында полиция парламент алдына чыккан жүздөгөн демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, суу чачып, резина ок атты. АР агентиги кеминде 114 киши жаракат алганын кабарлады. «Кызыл чырым» жана Ливандын Жарандык коргоо мекемеси жаракат алган 47 киши медициналык жардам алууга ооруканага жөнөтүлгөнүн билдирди. Окуяны чагылдырган кабарчылар жабыркагандардын көпчүлүгү ок бетине жана төшүнө тийгендер экенин кабарлашууда.
Демонстранттар полицияга таш жана башка буюмдарды ыргытышкан. Бир нече киши полиция парламентти курчап койгон тосмону ашып түшүүгө аракет кылды.
Ишембиде 377 киши жаракат алып, 120сы ооруканага түшкөн. Ал эми күч органдарынан 142 кызматкер жабыркаган. Ливанда каржылык кризистен жана экономикалык жагдайдан улам нааразылык акциясына чыккандар көбөйүп жатат.