Депутат Кожокулова МИКтин батир баасы боюнча маселени парламентте көтөрдү
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп жаткан батирлердин баасы катардагы калктын капчыгына туура келбей жатканын Жогорку Кеңештин 24-декабрдагы жыйынында депутат Гуля Кожокулова айтты. Ал МИК салып жаткан үйлөр өтө кымбат экенин, баасы мамкызматкерлерге жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи: "Жер тилкелерин силер мамлекеттен бекер аласыңар, андан сырткары башка да жеңилдиктерди МИК бекер алып жатат. МИКтин үйлөрү кымбат. Эмнеге муну өкмөт көзөмөлдөбөйт? Жашоо деңгээли, айлык акы деген нерселер эске алынсын. Читать дальше...