Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ Ирандын мунайын иштеткен Кытайдагы заводдорго эскертүү берди

АКШнын Финансы министрлиги Кытайда жайгашкан көз карандысыз мунай иштетүүчү заводдор, асыресе Шаньдун провинциясындагы ишканалар Ирандын чийки мунайын импорттоодогу ролу үчүн санкцияларга кабылышы ыктымал деп эскертти.

Министрликтин маалыматына караганда, Кытай Ирандын мунай экспортунун дээрлик 90% алат. Анын басымдуусу ошол чакан заводдор тарабынан кайра иштетилип, Тегерандын кирешесине салым кошот.

“Ошол киреше акыр-аягында Иран режимине, курал-жарак программасына жана армиясына пайда алып келет”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Министр Скотт Бессент Х социалдык тармагындагы постунда белгилегендей, Кошмо Штаттар Ислам жумуриятынын эл аралык көмүскө банк инфраструктурасын, көмүскө флотун жана Тегерандын мунай соодасын колдогон кытайлык чакан мунай ишканаларын бутага алуу менен Иранга болгон экономикалык басымды күчөтүүдө.

Бессент Ирандын негизги мунай хабы – Харк аралындагы кара май сактоочу жайлар толуп калганын, өлкө мунай өндүрүүнү азайтууга аргасыз болорун белгиледи. Ал кошумчалагандай, муну менен Тегеран күнүнө 170 миллион доллар кирешеден кол жууп, мунай инфраструктурасы жапа чекмекчи.

Бир нече күн мурун Вашингтон Ирандын мунайын сатып алат деген кине менен Кытайдын көз карандысыз Hengli мунай иштетүүчү компаниясына санкция салган.

27-апрелде Бээжин бир тараптуу санкцияларга каршы экенин билдирип, мындай практиканы токтотууга чакырды.

Компания өзү да айыптоолорду четке какты жана Иран менен соода кылбаганын билдирди.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus