Кыргызстанда бүтүрүүчүлөрдүн билимин тестирлөө май айында өтөт
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлин аныктоочу жалпы республикалык тестирлөө сынагы 16-майдан 23-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.
Ага ылайык, быйылкы тестирлөөгө 65 412 бүтүрүүчү катталды.
Жалпы республикалык тестирлөө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сынак.
Тест уюштуруучуну Агартуу министрлиги сынак аркылуу тандайт. Соңку жылдары бул укук Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна берилип келет.
Былтыр жалпы тестирлөөдө 54 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификатка” жетишкен. Алардын ичинен эң жогорку – 242 упайды Бишкек шаарындагы №70 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов алган. (ZKo)