Казакстанда мыйзамсыз лотереяга айыпталган блогерлерге сот өкүмү чыкты
Казакстанда «мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн» жана «мыйзамсыз жол менен табылган каражатты адалдаштырган» деп айыпталган блогер жубайларга соттун өкүмү чыкты. Ага ылайык Ерболат Жанабилов 2 жылга шарттуу кесилсе, ал эми Элмира Төлегенова 2 жылга эркинен ажыратылды. Жубайлардын жашы жете элек балдары бар экенин эске алып, Төлегенованын жаза өтөө мөөнөтү эки жылга жылды. Экөөнүн тең мүлкү конфискацияланат.
Прокурорлор блогерлер «пайдасы жок курстарды сатып, утуп алуу мүмкүнчүлүгү өтө төмөн лотерея уюштурганын» билдирген.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, Жанабилов менен Төлегенова 2025-жылдын август айында баш байгеге автоунаа коюп, лотерея уюштурган.
Ага катышууну каалагандар 60 долларлык курс сатып алышы керек эле.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, бул схема аркылуу блогерлер 247 миллион 653 миң теңге (520-550 миң доллар) тапкан.
Башында аларга административдик иш козголуп, кийин Кылмыш кодексинин беренелери менен айып тагылган.
Сот отурумдарынын биринде Төлегенова күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алган.
Мамлекеттик айыптоочу Олжас Хайруллаев жубайларды 4 жылга эркинен ажыратууну сураган. Бирок айыпталуучулар прокурор менен процессуалдык келишим түзүүнү сунуштап, ал канааттандырылган.