Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
28-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 24…26° жылуу болот.