Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Текебаев соңку айлардагы окуяларды "ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш" деп атады

Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Жогорку Кеңештин экс-спикери, саясатчы Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы соңку айлардагы окуяларды “ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүш” деп сыпаттады.

Текебаев Фейсбукта баракчасына Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германиядагы сапары тууралуу пост жазган. Анда элчи Маматалиев да, өзү да 45 жашында парламенттин башына келгенин, бирок экөөнүн бул кызматка келүү жагдайы ар башка экенин белгилеген.

“Курагыбыз бир болгон менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык. Мен «удачный госперевороттон» кийин шайлансам, Марлен «неудачный госперевороттон» кийин шайланды. Заманыбыз ар башка. Шарттар ар башка. Бирок миссия — бир”, - деп жазды Текебаев.

Өмүрбек Текебаевдин бул посту соцтармактарда кызуу талкууланууда. Айрымдар азыркы учурду «туура сыпаттады» деп кубатташса, кээ бир интернет колдонуучулар Текебаевдин «неудачный госпереворот» дегенин сынга алышты.

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев кызматына мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулу президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү талабы менен жазылган чуулгандуу "75чилердин кайрылуусунан" улам, спикерликти тапшыргандан кийин шайланган. Нурланбек Тургунбек уулу төрагалыкты тапшыргандан көп өтпөй, депутаттык мандатын да өткөргөн. Ал спикерликтен өз каалоосу менен кетип жатканын, аны өлкөдөгү эки адам менен байланыштыруу туура эместигин билдирген.

Президент Садыр Жапаров 10-февралдагы жарлыгы менен Камчыбек Ташиевди 2020-жылдан бери аркалап келе жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан алган. Ташиев кызматынан алынганы тууралуу кабар Германияда дарыланып жүргөн учурунда жетип, "күтүүсүз болгонун" билдирген.

Кайрылууга кол койгон жана аны уюштурган деген негиз менен беш адам кармалып, камакка алынган. Жогорку Кеңештин ондон ашык депутаты мандаттарын тапшырган. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus