Asman Airlines Бишкек–Ош каттамындагы окуяга жооп берип, жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады
Asman Airlines авиакомпаниясы 16-апрелдеги Бишкек–Ош багытындагы MN-15 каттамындагы окуяга байланыштуу комментарий берди. Компания "учуп бара жатканда экипаж салондогу коопсуздукту камсыздоочу системанын сигнал бергенин байкаганын" билдирди.
Учкуч De Havilland Canada учагынын белгиленген талаптарына ылайык тезинен чара көрүп, пландуу түрдө төмөндөй баштаганын, учакта кычкылтек баллондор жарактуу болгонун, медициналык алгачкы жардам көрсөтүүчү каражаттар жана дары-дармек кутучасы бар экенин билдирди.
Соңку окуяга байланыштуу комментарий “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын Фейсбук баракчасына жарыяланды.
“Кычкылтек берүү системасы адаттагыдай иштеген. Кычкылтек баллондору талапка ылайык, жарактуу абалда болгон. Индикаторлор адаттагы жумушчу абалды көрсөткөн. Ошондой эле бортто дары-дармек кутусу, медициналык алгачкы жардам көрсөтүүчү каражаттар жетиштүү. Учак жерге ийгиликтүү конду жана жүргүнчүлөргө, экипаж мүчөлөрүнө залака тие турган жагдайлар катталган жок", - деп билдирди компания.
Кийин “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын директору Манас Самидинов да Бишкек–Ош багыты боюнча MN-15 каттамдагы "учакта кошумча үйлөө системасы иштеп кеткендигине байланыштуу" кырдаалды түшүндүрдү.
"Компания жүргүнчүлөрдөн бул кырдаалдан улам келип чыккан ыңгайсыздык жана тынчсыздануу үчүн чын дилинен кечирим сурайт. Биз мындай окуялардын кооптуу экенин түшүнөбүз жана жүргүнчүлөрүбүздүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн жоопкерчиликтүү иш алып барабыз", - деп жазды ал.
Asman Airlines авиакомпаниясынын 16-апрелде Бишкектен Ошко учкан учагында жүргүнчүлөрдүн абалы начарлап, айрымдары дүрбөлөңгө түшкөнү социалдык тармактарда талкуу жараткан. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдүн бири Эртуран Разаков "Азаттыкка" ырастап, айрымдарга аба жетишпей, кычкылтек баллонун колдонууда маселе жаралганын айткан.
Ушундан кийин “Кыргызстан аэропорттору” компаниясы Бишкек–Ош каттамында болгон окуянын чоо-жайын териштирип жатканын, учак убактылуу каттамдан алынганын "Азаттыкка" ырастаган.
Asman Airlines ("Асман аба жолдору") мамлекеттик авиакомпаниясы 2024-жылы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштаган. Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылган.
“Манас” аба майданы Asman Airlines деген туунду компания түзүп, ага эки учак сатып алган. Акциясы толугу менен мамлекетке таандык бул ишканага Кыргызстан сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар берилерин "Манас" эл аралык аэропортунун башкармалык төрагасы Манасбек Самидинов буга чейин журналисттерге билдирген. (КЕ)