Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сот УКМКнын дагы бир кызматкерин жана жеке ишкерди эки айга камакка алды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) дагы бир кызматкерин (Ш.Т.М.) 13-июнга чейин камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды.

Анын аты-жөнү толук жарыяланган жок. Бирок 2025-жылдын январь айында ачык булактарга жарыяланган маалымат боюнча шектүү ошол кезде УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп турган.

Андан тышкары сот ушул эле ишке байланыштуу жеке ишкерди (Р.И.Р.) эки айга камакка алды.

Аскер прокуратурасы буга чейин УКМКнын мурдагы жана азыркы жооптуу кызматкерлери кармалганын билдирип, бирок козголгон кылмыш иши боюнча кенен маалымат берген эмес.

Бул окуядан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков, “Ред Петролеум” бренди менен таанымал “Альфа Ойл” компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун төрагасынын мурдагы орун басары Бекзат Абдикахаров, андан тышкары Кубанычбек Чакибаев кармалганы белгилүү болгон. Биринчи май райондук соту аларды да 13-июнга чейин камакка алган. Буларга да “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлду.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери УКМКнын бир катар мурдагы жогорку кызматта турган жетекчилери кармалып, айрымдары жумуштан алынды.

Жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы дагы бир орун басары Даниэл Рысалиевди, УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын 6-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Урмат Нарбаевди 11-июнга чейин үй камагына алган.

Тимур Шабданбеков менен Даниэл Рысалиев Камчыбек Ташиев атайын кызматты жетектеп турганда анын орун басары болгон. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus