Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Айдарбековго тышкы иштер министри кезиндеги иши боюнча айыбы угузулду

14-апрелде Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чыңгыз Айдарбеков суралып жаткан кылмыш иши боюнча маалымат таратты. Анда мурдагы тышкы иштер министри Айдарбековго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (“кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча айыбы угузулганы маалымдалат.

Экс-министр кызматта турганда эч кандай мыйзам бузууга барбаганын белгилеп, маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу кагазга кол койгонун "Азаттыктын" кабарчысына айтты.

“Текшерүү учурунда белгилүү болгондой, А.Ч.А. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген. Тактап айтканда, каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары орун алган”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Айдарбековго айыбы угузулуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы коюлган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

14-апрелдин кечинде Айдарбековдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Айдарбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, тинтүү 26-мартта козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөнүн билдирген.

13-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектеги №21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырган. Ал Куванычбек Конгантиев мандатынан ажыратылгандан бери бир ай өткөнүн, бирок Боршайком мандат боюнча бир да жолу расмий жооп бербегенин белгилеген.

31-мартта Айдарбеков ИИМде сурак берди. Бул тууралуу жергиликтүү медиа жазып, анын сурактан чыгып келаткан кыска видеосу жарыяланган. Экс-депутат кайсы иш боюнча жана кандай макамда суралганы белгисиз.

23-мартта Ютубдагы ээси ким экени белгисиз канал “Чыңгыз Айдарбековдун чуулгандуу кылмыштары. Эл чындыкты билиши керек!” деген тема менен 5 мүнөттөн ашык видео жарыялаган. Анда “Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде иштеп жүргөндө түркмөн жарандарына Кыргызстандын визасын сатып, аткезчилик менен алектенгени” айтылат. Ушундан улам Түркмөнстан Чыңгыз Айдарбековду “персона нон грата” деп жарыялаганы деген маалымат айтылган.

Айдарбеков бул маалыматты төгүндөп, “персона нон грата” деп жарыяланган адам ал өлкөгө кире албай каларын, соңку 10 жылда Түркмөнстанга бир нече жолу барганын билдирген. Ал эми Бишкектеги мүлк чыры боюнча Жогорку соттун чечими бар экенин, каражат төлөнгөнү тууралуу бардык дүмүрчөктөрү колунда турганын кошумчалаган.

№21 округдан шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта өз арызынын негизинде алынып, кийин өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Добуштардын саны боюнча тизмеде андан кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбековго мандат бериле элек. БШК талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу ИИМден маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.

49 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков соңку алты-жети жылдан бери саясатка аралашып жүрөт. 1998–2008-жылдары Тышкы иштер министрлигинде атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болуп эмгектенген.

2016-жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон. 2018-жылы тышкы иштер министри болуп дайындалса, 2021-жылдагы шайлоодо “Альянс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Ал чакырылышта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына шайланып, бирок кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу бийликтин чечимине каршы чыккан.

Мындан соң комитет төрагалыгынан кетип, “толук жана ыйгарым укуктуу элчи” деген дипломатиялык наамынан да ажыратылган. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus