Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусияда азери диаспорасынын башчысы 24 жылга кесилди

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Киров райондук соту 13-апрелде Уралдагы азербайжан диаспорасынын башчысы Шахин Шыхлинскини бийлик өкүлүн уруп-сабаган деген айып менен 9 жылга катуу режимдеги колонияга кести. Бул тууралуу «Коммерсант-Урал» басылмасы жазды.

Март айынын башында ал 2001 жана 2011-жылдардагы киши өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу иштери боюнча 22 жылга кесилген. Эки өкүмдү кошкондо, ал жалпы 24 жыл түрмөдө отурат.

Шыхлински жана анын уулу Мутвалы Шыхлински 2025-жылдын июль айында бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү иши боюнча айыпталган.

Атайын күчтөр Шыхлинскини уулу айдап бараткан унаадан түшүрүүгө аракет кылганда, айдоочу унааны кескин артка айдаган. Натыйжада Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкеринин бири жыгылган.

Мутвалы Шыхлински атайын кызматкерди кокусунан сүзүп алганын айтып, болгон окуяга өкүнөрүн билдирген, бирок күнөөсүн моюнга алган эмес.

Март айында сот 2001–2011-жылдардагы ишкерлерди өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу ишин да караган. Бул иш боюнча Уралдагы азери диаспорасынын алты мүчөсү жана алардын башчысы Шыхлински айыпталган. Аларга 10 жылдан 22 жылга чейин жаза берилген.

Е1 басылмасы Шыхлинскини шаардагы «эң таасирдүү эки азеринин бири» деп атаган.

Шыхлински менен анын уулу өткөн жылы Екатеринбургда азербайжан жарандарын кармоо боюнча рейддерден кийин кармалган.

Ал рейддер учурунда Зияддин Сафаров жана Гусейн Сафаров аттуу азербайжандыктар каза болгон. Баку бул окуя боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып, Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисине «катуу нааразылык» билдирген.

Ошондой эле Азербайжандын Башкы прокуратурасы «орус укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жасалган кыйноо жана өзгөчө мыкаачылык менен эки же андан көп адамды атайылап өлтүрүү» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Андан кийин Баку шаарында да орусиялыктарды кармоо жана камакка алуу учурлары катталган. Ал жакта «Sputnik Азербайжан» агенттигинин директору Игорь Картавых, кызматкери Евгений Белоусов жана бир катар орусиялык IT адистери уюшкан кылмыштуу топторго катышы бар, Ирандан баңгизат ташуу, интернет аркылуу сатуу жана киберкылмыштарга айыпталып камакка алынган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus