Парламенттин басма сөз кызматы төрага тууралуу маалыматтарды төгүндөдү
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун кызматына байланыштуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбесин эскертти.
Бул тууралуу төраганын маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев Фейсбуктагы баракчасына 10-февралда, кечке жуук жазды.
Анын маалыматында, аталган маселе Жогорку Кеңеште каралган эмес. Учурда төрага парламенттеги депутаттык топтордун жетекчилеринин коштоосунда Түркияда расмий сапар менен жүрөт.
"Делегациянын курамында “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов, “Элдик” депутаттык тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев, “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунун жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасы Элдар Сулайманов, “Ата-Журт” депутаттык тобунун мүчѳлөрү Алишер Козуев менен Гүлай Машрапова жана депутат Элвира Сурабалдиева бар", - деп билдирди Деркембаев.
Маалымат катчынын бул билдирүүсү президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ээлеген кызматынан бошоткондон кийин жарыяланды.
Мамлекет башчынын буйругу менен УКМК төрагасынын үч орун басары да кызматтарынан алынганы кабарланды.(ZKo)