Ишембидеги селдин кесепетин жоюу үчүн Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Нөшөрдөн улам жолдорду жана үйлөрдүн жер төлөсүн, короолорду суу каптап, куткаруучулар күчөтүлгөн режимде иштешти. Ак-Буура дарыясынан бир аялдын сөөгү табылды. ӨКМ анын сел менен байланышы жок экенин билдирди.