Мы в Telegram
Добавить новость

Пожилая москвичка получила смертельный удар током от пандуса в подъезде

Еще 7 полноприводных машин закупили для лесной охраны Подмосковья

Росгвардейцы спасли пассажиров потерпевшего бедствие теплохода на Москве-реке

Москвича Хамзата Зоева задержали по подозрению в причастности к боевикам Басаева

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Алтын соодасы: Британиядан кардар күткөн өкмөт

Алтын соодасы: Британиядан кардар күткөн өкмөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Британияга жасаган сапарынын алкагында 29-ноябрда Лондон металл биржасынын Рынокту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Робин Мартинге жолукканы маалым болду.

Кыргыз бийлиги Кумтөр кенин мамлекетке алгандан кийин өлкөнүн кен казуу тармагына чет элдик инвесторлорду чакыруу күн тартибинде турган маселелердин орчундуусу болуп калды. Бул жааттагы демилгелер жүзөгө ашабы, ал үчүн кандай жумуштарды жасоо зарыл?

Акылбек Жапаров Робин Мартин менен жолугушуу маалында Кыргызстан Лондон металл биржасы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, бай түстүү металлдарын дүйнөгө, анын ичинде Лондон металл биржасы аркылуу сатууга мүмкүнчүлүк издеп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Робин Мартин ал жетектеген биржа дүйнөнүн башка мамлекеттери менен кызматташкандай эле Кыргызстан менен да иштешүүгө даяр экенин билдирди.

27-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “МАЙНЕКС – Евразия 2023” деп аталган тоо-кен тармагындагы 11-жыйынга катышкан. Ал Кыргызстандагы 15 миңден ашуун кендин 500гө жакынына дыкат геологиялык чалгындоо жасалганын билдирди.

Жапаров жакында Европа Биримдиги тоо-кен тармагындагы маанилүү делген 34 элементтин тизмесин бекиткенин, анын он жетиси стратегиялык деп табылганын, ошол тизмедеги он жети баалуу элементтин баары Кыргызстанда бар экенин айтты:

“Алсак, мамлекеттик баланста 1020 кендин кору жана пайдалуу казылмалардын 51 түрүнүн аянты бар, алардын катарында алтын, күмүш, жез, вольфрам, молибден, сейрек кездешүүчү металлдар, сурьма, калай, темир рудалары, коргошун жана башкалар бар. Өлкөбүздө тоо-кен тармагы динамикалуу жана ырааттуу өнүгүп баратат. Ал жалпы ички дүң өнүмдүн алты пайыздан ашыгын жана экспорттук кирешенин 41 пайыздан ашыгын түзөт. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында тармактын субъекттери тарабынан 492 млн долларлык пайдалуу казылма алынды".

Ошентсе да Акылбек Жапаровдун Улуу Британияга барган чыныгы максаты тышка алтын сатуу экени маалым болду. Өз сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан өз акчасын баалуу кендерди иштетүүгө салууну каалаган инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жатканын айтты.

Ал үчүн тармакта ар кандай жеңилдиктер, пайдалуу режимдер ишке кирип, инвесторлорго шарттар түзүлүп, мыйзамдар жакшыртылып жатканын билдирди. Узак жылдар аралыгында өнөктөштөр менен талаш-тартыш жаралган учурлар да болбой койбогонун, бул багытта өткөн жылдын сентябрында Нью-Йоркто “Кумтөр” кени боюнча бардык керектүү документтерге кол коюлуп, “Центерра Голд” менен талаш толугу менен чечилгенин кошумчалады. Тоо-кен тармагынан жыл сайын 1 млрд доллардан ашуун киреше түшүп жатканын билдирди.

Жыйын соңунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Британиянын “Чаарат Заав” компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Алтын сатуунун азыркы абалы

Кыргызстандын тоо-кен тармагынын азыркы таптагы негизги инвесторлору Британия, Түркия, Кытай, Орусия жана Казакстан.

Быйыл Кыргызстан сегиз айдын жыйынтыгы менен чет мамлекеттерге 8,7 тонна алтын экспорттоп, анын баасы 545 миллион 170 миң долларды түздү. Бул 47,7 млрд сомго барабар. Улуттук статистика комитети өткөн айда тараткан маалыматта 8 айда Кыргызстан Швейцарияга 7,15 тонна алтын сатып, андан 448 миллион доллар тапканын жазган.

Мындан тышкары өлкө Кытайдын Гонконгуна 983 килограмм алтынды 60 млн долларга саткан. Бириккен Араб Эмираттарына сегиз айда 582 килограмм алтын сатылып, түшкөн пайда 36,6 млн долларды түздү.

Зергерлер жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Сталбек Акматов бийлик алтынды чет мамлекеттен сатып алуучуларды издөө менен катар ички рынокто да алтын сатуу базарын кызытса болмок деген пикирин ортого салды. Ал зергерлер жыл сайын бир тонна алтын, бир тонна күмүш сатып алууга даяр экенин, бирок бийлик тарабынан маселе ушул күнгө чейин чечилбей келгенин билдирди:

"Улуттук банк сатып жаткан алтындын баасы мына бүгүн дагы Лондондогу биржадагы баадан 17-20% кымбат турат. Зергерлер кыргыз алтынын биздин Улуттук банктан сатып ала тургандай кандайдыр бир механизмдер жок болуп жатат. Ошол механизмди ишке ашыралы деп Орусия, Түркия, Армения, Индия, Өзбекстан, Казакстандын тажрыйбаларын карап, бир нече сунуштарды бердик. Тилекке каршы, ал сунуштарыбыз Министрлер кабинетинин бөлмөлөрүндө эле калды. Аталган мамлекеттерде баалуу металдар рынокто эркин сатылат. Бизде азыр Кумтөр баштаган кендердин алтын-күмүшүн сатып ала албайбыз. Негизи, Кыргызстандын зергерлерине жылына бир тонна алтын, бир тонна күмүш керек".

Сталбек Акматов мамлекет тарабынан тармакка берилген салык жеңилдиктер аркасында быйыл былтыркыга караганда зергерчиликтин өндүрүш көлөмү 33 эсе өсүп, 2,2 млн сомдон 74 млн сомго жеткен.

Финансы министрлиги 2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 кг алтын өндүрүлүп, анын 17 тонна 284 килограммы сатылганын билдирген.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) 2021-жылы июнда Кыргызстанды Good delivery макамынан ажыратып, аны бир жылдан кийин - былтыр 3-майда кайра кайтарып берген.

Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөн Камчыбеков ортодон өлкө Good delivery макамынан ажырап калышы кыргыз алтынын тышка сатууга тоскоолдук жаратканын, эми Акылбек Жапаров Европадан антип алтын алуучуларды издеп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтты:

"Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын сертификаты кепилдик болуп саналат. Бир учурда Орусиянын "Банк открытия" деген банкы сыяктуу компаниялар сатып алчу. Сертификаттан айрылып калгандан кийин Кумтөрдүн алтынын биздин өзүбүздүн Улуттук банк сатып алып турду. Кумтөрдүн өзүндөгү ишкананы иштетип, карьерде алтын кошулмасын алып, элге айлык берип жатат, бирок өндүрүш чыгымдарына, реагенттерге баары бир нак акча керек. Ошондуктан жакшы кардар чыкса, алтынды сыртка сатып турганыбыз оң. Англия өзү сатып алабы же бай компаниялары сатып алабы - айырмасы жок. Буга чейин дагы президенттин администрациясынын, "Кыргыз алтындын" кызматкерлери Лондонго барып, алтынды соодалоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андыктан ушинтип алтынды сатып алуучуларды издеп туруу керек".

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын бул макамы кайсы бир өлкөдө өндүрүлгөн алтын менен күмүштүн сапаты, салмагы ишеничтүү экенине кепилдик берет.

Улуттук банкта 31-июлга карата баасы 2,5 млрд доллардан ашкан 49,8 тонна алтын сакталып турганын банктын башкармалыгынын төрагасы Азат Козубеков 29-августта билдирген.

18-июлда болсо Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жыл башынан бери Кыргызстан сыртка 3,97 тонна алтын сатканын маалымдаган. Ошол эле маалда Бөкөнтаев алтын сатып алуу боюнча башкы банк менен "Кумтөр" ишканасынын ортосунда атайын бир келишимдин жоктугун да кошумчалаган.

Былтыр ноябрда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын баары Улуттук банкта сакталып турганын айткан.

Анын алдында Улуттук банк Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды 1 млрд доллардан ашык акчага сатканын, анын 700 млн доллары акчанын курсун кармап туруу максатында интервенцияга жумшалганын маалымдаган.

Былтыр августта “Азаттык” жүргүзгөн иликтөөсүндө Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканын жазган.

Алтынды толук иштетүү аргасы

Кумтөрдөн 2021-жылы 14,6 тонна, 2022-жылы 17,3 тонна алтын казылган. Быйыл кенден 14 тонна алтын алуу пландалган. 2021-жылы "Кумтөр голд" компаниясы 323 млн доллар таап, мамлекетке 13,6 млрд сом салык төккөн.

2022-жылы “Кумтөр” компаниясы 986,5 млн доллар киреше таап, 32,1 млрд сом салык берген. Быйыл кеминде 20-25 млрд сом түшөт деген божомол бар.

Былтыр 26-октябрда президент Садыр Жапаров чыгарган жарлыкка ылайык быйыл 1-майдан тартып Кыргызстандан алтындын кошулмаларын чет мамлекеттерге экспорттоого убактылуу тыюу салынмак.

Документте "Кара-Балта тоо-кен комбинатына" өзгөчө укук берилип, өндүрүлгөн руда менен концентраттарды ушул гана ишканада кайра иштетүү керектиги айтылган. Бирок жарлыктагы алтын аралашмаларын четке чыгаруу боюнча белгиленген жумуштар толук бүтпөгөндүктөн, анын мөөнөтү дагы узартылган.

Кумтөр кени 2022-жылдын 4-апрелинде канадалык "Центерра" компаниясы менен Кыргызстандын бийлигинин атайын келишиминен кийин расмий Бишкектин карамагына өткөн.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Собянин рассказал о фестивале «Москва — на волне. Рыбная неделя»

Экологическое благополучие России

Фасады квартала в Южном порту украсят минеральным кирпичом

Министр Фальков: Минобрнауки планирует расширить приложение к диплому вузов

Музыкальные новости

"Гриша, уходи!": реакция интернет-сообщества на вылет "Урала" из РПЛ

РОССИЮ ОЖИДАЕТ ПЛЮС 50 ГРАДУСОВ: КАКИМ ГОРОДАМ ЖДАТЬ АНОМАЛЬНУЮ ЖАРУ

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей

Стали известны все участники РПЛ сезона-2024/2025

Новости России

Индия наконец определилась. Моди делает выбор в пользу России, а США остается не у дел. И кто кого теперь предал?

Полицейские юго-запада Москвы организовали праздник для детей

Более 92 тысяч девятиклассников Подмосковья сдали ОГЭ по русскому языку

Фасады квартала в Южном порту украсят минеральным кирпичом

Экология в России и мире

В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей

Россияне решили этим летом меньше отдыхать на курортах

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

AlfaBiom выпустили на рынок России БАД с красным ферментированным рисом

Спорт в России и мире

Александр Зверев: «Сказал себе, что хочу стать примером для подражания. Я больше не ломаю ракетки, почти не получаю предупреждений»

17-летний россиянин Даниил Саркисян разгромил Форбса из США на юниорском «Ролан Гаррос»

Медведев вышел в 1/8 финала «Ролан Гаррос» — 2024

Прямая трансляция матча Рыбакиной с победительницей четырех "Больших шлемов"

Moscow.media

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Количество «брака» в биомедицинских работах увеличилось в четыре раза за 20 лет

Тысячи активистов разгромили офис Socar в Стамбуле, обвинив «Азербайджан» в поддержке геноцидальной политики Израиля в Палестине

Преступления мигрантов с рынков азербайджанского олигарха Года Нисанова продолжают шокировать Москву











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Добрые рисунки: «585*ЗОЛОТОЙ» запустила конкурс ко Дню защиты детей

Еще 7 полноприводных машин закупили для лесной охраны Подмосковья

Более 92 тысяч девятиклассников Подмосковья сдали ОГЭ по русскому языку

В Москве стартовал капремонт дома, в котором живёт Александра Пахмутова