Кыргызстанда акыркы жумада чоң базарларда соода кылгандар Көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш таштап жатат. Бүгүн, 1-декабрда борбордогу Аламүдүн жана Оштогу, Таластагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышты. Ал арада милиция өкмөткө талабын айткан айрым сатуучуларды кармап кеткени маалым болду.
Алар өкмөттүн жаңы салык саясатына каршы экенин билдирип, патент системасын калтыруу талабын коюп жатышат.
1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, митингге чыгышты. Алар Министрлер кабинетинен патент системасын калтырууну жана ККМди жокко чыгарууну талап кылып жатышат.
Ушундай эле талап менен Ош шаарындагы “Бостон”, “Бексултан” жана “Тешик таш” базарларында иштеген 100гө чукул соодагер да митингге чыкты.
Нааразылык акциясы Таласта да өтүүдө. Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдына чогулган бир топ соодагер патент системасын калтыруу талабын коюуда.
"Базарда эч кандай шарт жок. Үстүбүздөн муз эрип, агып турат. Өкмөт "кене-кене" дегенден башканы билбейт. Экиден насыясы барлар бар. Биз ККМге өтө албайбыз. Эч кандай ишкана жок. Акчаны ата-энесине алыста тентип, чоң машине айдап жүргөн балдар салып атат. Биздин "Талас өнүгүп атат" деп өйдө жакка айткыңар келет. Бирок андай эмес", - деди Таластагы митингге чыккандардын бири.
Ишкерлер өкмөттүн Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу Кара-Суу базарларын 2024-жылдын 1-январынан тартып базардын ичинде көзөмөл-кассалык машинелерин (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошоткон чечими туура эмес экенин айтышууда. Алар бардык соодагерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин билдиришти.
29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарында иштегендер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, Кара-Суу районунун администрациясынын алдына акцияга чыгышкан.
Бул окуядан кийин Салык кызматы Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей аларын билдирген. Ушул тапта стратегиялык объектилерге “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) базарлары кирет.
30-ноябрда жаңы салык саясатына каршы Бишкектеги “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери да нааразылык акция өткөрүп, “Мадина” базарында иштегендер иш таштаган.
Ал арада Свердлов райондук ички иштер бөлүмү “Дордой” базарында нааразылык акция учурунда бир адамды жулмалап, денесине залал келтирген деген шек менен бир киши кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.
Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Буга "Дордой" базарынын сатуучулары акция өткөргөн учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев менен пикир келишпестик чыкканы себеп болгон. Токтожумаевди милиция элдин арасынан чыгарып кеткен.
"Дордой" базарында соода кылып, өкмөт чечимине каршы сын айткандардын бири Урмат Байматов митингден кийин өзүн милиция кармап, Свердлов РИИБне алып баратканын Фейсбук баракчасына жазган. Андан кийин бошотулганы маалым болду.
Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.