Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети криминалдык топтор менен күрөшүү алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы криминалдык топтун башчысы экени айтылган Гүлжигит Малабаев кармалганын билдирди.
Мекеме билдиргендей, ал 23-сентябрда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды, ошондой эле маңзатты мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Билдирүүдө Малабаев 2019-жылдан бери "Женго" деген каймана аттуу Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын каттоосунда турганы айтылган.
Учурда ал Ош шаарындагы №25 тергөө абагында кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Атайын кызмат ошондой эле октябрдын башында бир катар кишилерди кылмыштуу топтордон жана ар кандай мыйзамсыз аракеттерден баш тарттыруу боюнча иштер жүргөнүн билдирди.
Тизмеде Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаевдин атасы Ильяскожо Ажибаев ("Хасан ата жана прокурор" каймана аты бар) экени белгилүү болду.
"Азаттыктын" "Сүлүктү: салыктан качкан "көмүр мафиясы" аттуу иликтөөсүндө айтылып, атайын кызмат кылмыш ишин козгоп, казынага 48 млн 275 171 сом төктүргөн “Рио Групп” ишканасына Ажибаевдердин тиешеси бар экени айтылган.
Тизмеде Ажибаевден башка Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган Баткен шаарынын тургуну Равшанбек Абдырахманов ("Равшан тентек"), Кызыл-Кыя шаарында жашаган Асланбек Рахманкулов ("Голова"), Ильяз Саидбаев ("Илюха") бар. УКМК алардын кылмыштуу топко тиешеси жок экенин айтканы тартылган видеону да жарыялады.
"Азаттыктын" Сүлүктүдөгү "көмүр мафиясы" тууралуу иликтөөсү