Мы в Telegram
Добавить новость

Строительство придорожного автоцентра возобновили вблизи деревни Дудкино

Более 1 тыс опор ЛЭП заменят на севере Подмосковья в 2024 г

АКРА подтвердило наивысший кредитный рейтинг Москвы

92-летний красногорец стал участником марафона скандинавской ходьбы



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Көчөдө суу сураган эл көп". Газадагы гуманитардык кырдаал

Израилдин армиясы Газада ХАМАС тобуна каршы жердеги операциясын улантууда. Согушкерлер аларга туруштук берип, Израилдеги буталарга сокку урганын айтышууда. Маалымат агенттиктери жекшембинин таңында израилдик аскерлер Газадагы качкындар лагерине сокку урушканын маалымдашты. 

БУУ 1,5 миллиондой адам гуманитардык абал абдан начарлаган Газа тилкесинен жер которууга аргасыз болгонун билдирди. Ок атышууну токтотууга багытталган дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.

Газадагы түнкү соккулар

Бир катар кабар агенттиктери, анын ичинде “Рейтерс”, Ассошиэйтед Пресс, "Ал-Жазира" палестин булактарына шилтеме менен жекшембиде таң эрте изралдик учактар Газа тилкесиндеги Ал-Магази качкындар лагерине сокку урганын билдиришти. Бери дегенде 38 кишинин каза тапканы, ондогону жараат алганы маалымдалды. Лагердин тургундары урандылардын астынан тирүү калгандарды куткаруу аракетин көрүштү. Алардын бирин, Саед Ал-Нажма аттуу кишини “Рейтерстин” кабарчысы сөзгө тартты:

“Мен, бир туугандарым, кыздарым менен неберелерим болуп тынч уктап жатканбыз. Көчөдө бомба жарылды. Бул  төрт кабат имарат, мунусу үч кабат. Аялым менен кыздарым ооруканага жеткирилди. Урандылардан шейит кеткен балдардын сөөктөрүн алып чыктык. Жашообуз бир заматта өзгөрдү. Эмне кыларды билбейбиз, шейит болгондорду өз колубуз менен алып чыгып жатабыз”.

Ассошиэйтед Пресс жазганына караганда, жөөт армиясы - ЦАХАЛ аскерлери ошол жерде операция жүргүзүп жргүзбөгөнүн тактап жатканын айтты.

Израилдин армиясы 31-октябрдын кечинде Газанын түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагери орун алган аймакка сокку урганда ондогон киши каза болгонун палестин жетекчилиги маалымдаган. Жөөт аскерлери ошондо ХАМАСтын кол башчысын жок кылууну көздөгөнүн айтышкан.

Жоочулардын башчыларын жок кылмайынча согушту токтотпосун айтып келаткан Израил гуманитардык тыныгуу жарыялоо чакырыктарын четке кагууда.

“ХАМАСтын бригадаларына чоң сокку уруп келатабыз. Алардын инфраструктурасын биринин артынан бирин талкалап жатабыз. ХАМАСтын 12 командирин жок кылдык. Бардык башчыларына, террорчуларына жетебиз”, - деп айтты Израилдин коргоо министри Йоав Галлант 4-ноябрдагы маалымат жыйында. 

Радикал топ көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги тилкеде бери дегенде 9488, Иордан дарыясынын батыш жээгинде 144 киши каза тапканын билдирди. Израил тарапта 1400 киши набыт болду.

Газанын мекемеси каза тапкандар жана жараат алгандар тууралуу маалымат тараткан жападан-жалгыз булак болгонун, бул статистиканы көз карандысыз тараптардан текшерүү мүмкүн эмес экенин маалымат каражаттары белгилешет.

Газа тилкесинин жашоочулары ишембиге караган түнү израилдик аскерлердин бомбалоолору уланганын кабарчыларга айтып беришти.

ЦАХАЛ 4-ноябрда ХАМАСтын 120 бутасына, анын ичинде жоочулардын лагерлерине жана танктарга крашы позицияларына сокку урганын билдирди.

“Рейтерс” агенттиги жазганына караганда, Израилдин күчтөрү Газа тилкесинде бир нече жоочуну жок кылышты жана курал-жаракты колго түшүрүштү. Армия жарыялаган видеолордо Газадагы туннелдер жардырылганын көрүүгө болот.

Израил 7-октябрдагы кол салуудан кийин ХАМАСка каршы уруш баштаганда тилкени блокадага алып, тынымсыз сокку уруп келатат. Бир нече күн мурун жерде операция баштап, Газа шаарын курчоого алганын билдирген.

Газа “өлүмдүн жана кыйроолордун сахнасына” айланды

Камоолдо калган анклавдагы гуманитардык абал күндөн-күнгө начаралаганын, “апаатка” айланганын эскерткен эл аралык уюмдар коңгуроо кагып келатат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы Газа тилкесинен 1,5 миллиондой адам жер которгонго аргасыз болгонун, 700 миңден көбү качкындар лагерлеринде башкалкалаганын ишембиде билдирди. Лагерлерде киши өтө көп болгондуктан, алардын ден соолугуна, коргоо аракеттерине терс таасир тийгизүүдө.

"Анын үстүнө суу, канализация системалары дээрлик иштебей калды", - деп эскертти уюмдун палестин качкындарын тейлеген агенттиги. Маалыматка караганда, Газа тилкесинини түштүгүндө 92 башкалкалоочу жайда 530 миңден ашуун киши жашап келатат. Мындан улам жаңы келгендерди кабыл алуу мүмкүн эмес, бир топ адам ачык асман астында түнөөгө мажбур. Агенттиктин жетекчиси Томас Уайт Газанын орточо тургуну бир күндө БУУ тараткан ундан жасалган эки сындырым нан менен күн көрүп келатканын билдирди. Анын айтымында, көчөлөрдө “суу, суу” деп жалдыраган элди гана көрөсүң.

Дипломат тилкени кыдырып чыккандан кийин ал жерди “өлүмдүн жана кыйроолордун сахнасы” деп сүрөттөдү.

Агенттик ошондой эле муктаждардын саны канча экени беймаалым болгондуктан, жардам берүү иши кыйындаганын белгиледи.

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы гуманитардык маселелер боюнча атайын чабарманы Дэвид Саттерфилд Газанын түндүгүндө 400 миңдей киши калып жатканын маалымдады. Израил жердеги операциянын алдында ал жактагы палестиналыктарды түштүк тарапка жер которууга чакырган.

Дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек

Ишембиде Амманда чогулган Катар, Сауд Арабиясы, Египет, Иордания жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушууда Вашингтонду Израилди ок атышууну токтотууга көндүрүүгө чакырышты. Бирок Блинкен жарашуу ХАМАСка пайда алып келерин, алар кайра топтошуп, кайрадан кол салышарын айтып, андай демилгени четке какты.

АКШнын башкы дипломаты гуманитардык тыныгуу тынч адамдардын өмүрүн сактап калууга, Газага көбүрөөк жардам жеткирүүгө шарт түзмөк деп айтты.

Мамлекеттик департамент Энтони Блинкен региондогу турнесине Түркияны да кошконун билдирди. Анкарада ал ким менен жолугушары азырынча айтылган жок.

Өткөн жумада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган ХАМАСты “Боштондукка чыгаруу тобу” деп атаган жана Израилди “өзүн согуш кылмышкери катары алып жүрөт” деп айыптаган. Тел-Авив жооп кайтарып, мамилелерди кайра карап чыгуу деген жүйө менен Түркиядагы дипломаттарын чакыртып алды.

Ал эми бир нече күндөн бери чет элдик жарандар жана оор жараат алган палестиналыктар Египетке чыгарылган Рафах чек ара пункту ишембиде кайрадан жабык болгону маалымдалды. Би-Би-Си палестин бийлигиндеги булактарга таянып жазганына караганда, өткөөл жарадарлардын коопсуз эвакуация тууралуу макулашылганда гана кайра ачылмакчы.

Газадагы карапайым эл арасындагы жоготуулар эл аралык коомчулуктун нааразылыгын пайда кылып, ишембиде Вашингтондон Берлинге, Чилиден Малайзияга чейин он миңдеген киши урушту токтотуу талабы менен көчөлөргө чыгышты.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Синоптик Вильфанд спрогнозировал погоду в Москве до конца недели

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве

Более 6 тыс жителей Московского региона приобрели техсредства реабилитации

Массовая драка со стрельбой в Москве попала на видео

Музыкальные новости

На Улан-Удэнском ЛВРЗ прошел конкурс «Лучший по профессии 2024»

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

"Спартак" обыграл "Рубин" со счетом 3:1

Новости России

Госюрбюро по Московской области проведет бесплатные консультации в Реутове

Более 6 тыс жителей Московского региона приобрели техсредства реабилитации

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве

Около 70 человек эвакуировали из Росбиотеха в Москве

Экология в России и мире

Сотрудники отеля Yalta Intourist поздравили ветеранов с Днём Великой Победы

В Турции в ужасе удивились: сотни нелегальных отелей как ни в чем не бывало принимают туристов и выставляются на площадках бронирования

Июньские дни духовности: Православные праздники месяца от ясновидящей Галины Янко

Выездной Фотограф для всех желающих, ну и конечно Артистов и Музыкантов.

Спорт в России и мире

Экс‑теннисистка Джорджи обвиняется в краже мебели и ковров на €100 тысяч — СМИ

Путинцева вернулась после 0:6 и одержала важную победу

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Шнайдер вышла в финал турнира WTA-125 в Париже, обыграв Грачёву

Moscow.media

MONT расширил продуктовую линейку ИБ-решений при поддержке «Сайберпик»

На Невском заводе электрического транспорта наградили победителей фестиваля «Транспорт: будущее»

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы

Чесменская церковь.Санкт-Петербург











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Госюрбюро по Московской области проведет бесплатные консультации в Реутове

Шанс на уникальную карьеру. Десять детей получат балетный грант

Россиян пригласили до 2 июня сдать накопившуюся мелочь в банки

Baijiahao: Путин «ударил» по Германии и Италии в ответ на санкции