Казакстандын Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтада болгон кырсык 32 өмүрдү алды. 17 кенчи ооруканага жаткырылды, жер астында ондогон адамдар калууда. Каргашадан улам 29-октябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев кырсык болгон жерге - "Арселор Миттал Темиртау" компаниясына таандык Костенко атындагы шахтага барып, маркум кенчилердин жакындары менен жолугушту. Аларга көңүл айтып, кырсыктын себептери иликтенип, куткаруу операциясы уланып жатканын билдирди.
Адам өлүмүнө алып келген бул кырсыктан кийин Казакстандын бийлиги кенди иштеткен "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы менен кызматташтыкты токтотору белгилүү болду. Компания Карагандадагы бул көмүр бассейни менен ири металлургиялык комбинатты 1990-жылдары менчиктештирүү кампаниясы жүрүп жатканда сатып алган.
Саат сайын көбөйгөн өлүм...
Ишембинин таңында Казакстанды кайгылуу кабар аралады. Костенко шахтасында өрт чыгып, адамдар каза болду.
Караганда облусунун акими Ермаганбет Булекбаев 11 киши каза тапканын билдирди. Кийинчерек маркумдардын саны 16га жетти. Түштөн кийин 21 адам каза тапканы кабарланса, көп өтпөй Өзгөчө кырдаалдар департаменти кырсык 32 өмүрдү кыйганын билдирди.
Булекбаев Фейсбукка кырсык болгон учурда жер астында 252 кенчи иштеп жатканын жазды. Кенчилердин айрымдарын куткарышкан. Тышка чыкчу жол бөгөттөлгөндүктөн ондогон адамдар жер астында кала берүүдө.
Ооруканага 18 адам жеткирилди. Бирөөнү текшерүүдөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберишкен.
Иске ууланган 15 адам токсикология бөлүмүндө жатат. Бирөө бир канча сынык менен жандандыруу бөлүмүндө, бирөө травматологияга жеткирилгенин облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бибигүл Түлегенова билдирди.
Башкы прокуратура кырсыкка байланыштуу "Тоо-кен жана курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежесин бузуу" беренеси менен иш козгогонун маалымдады.
Кырсыктын чыгуу себебин изилдөө жана кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, аны премьер-министр Алихан Смаилов жетектей турганы маалым болду.
Карагандага өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов келди, ал кырсыктын кесепетин жоюу штабын да жетектей турганы айтылды.
Кайталанган кырсык
Каргаша "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык "Казахстанской" шахтасында болгон кырсыктан эки ай өткөндөн кийин кайталанууда.
Августтун ортосунда ал жерде болгон кырсыкта беш кенчи каза тапкан. Өткөн жылы ноябрь айында Ленин атындагы шахтада болгон кырсык беш өмүрдү алса, андан жарым жыл мурда Темиртау металлургиялык комбинатында конструкция кыйрап, төрт киши өлгөн.
Мурдагы жылдары болгон кырсыктарды бийликтер "күтүлбөгөн кырсык" деп атап келген. Ардагер шахтерлор жана карагандалык коомчулук мындай түшүндүрмөнү сындашкан. Алар шахтада коопсуздук маселесине келгенде акча үнөмдөлүп, компания кенчилерге кам көрүү ордуна көбүрөөк пайда табууга ыктап калганын айтышкан эле.
Бул жылы казак бийлигинин риторикасы өзгөрүп, жогору кызматтагы аткаминерлер августтагы кырсыктан кийин күн тартибинде шахта менен комбинаттын "кожоюнун алмаштыруу" маселеси турганын айта башташкан. Буга алар "АрселорМиттал Темиртау" модернизация жана инвестиция боюнча милдеттерин аткарбай жатканын жүйө келтиришкен. Бирок андан бери чечкиндүү аракеттер байкалган эмес. 19-сентябрда өнөр жай жана курулуш министри Канат Шарлапаев журналисттерге жолукканда улутташтыруу жөнүндө сөздү четке кагып, мындай кадам "инвестициялык климатка" сокку урарын айткан.
Бирок 28-октябрда баары өзгөрдү көрүнөт. Ак ордо адегенде Касым-Жомарт Токаев "АрселорМитталТемиртау" компаниясы менен инвестициялык кызматташтыкты токтотууга тапшырма бергенин кабарлады.
Көп өтпөй президенттин басма сөз кызматы Токаев Караганды облусуна "кырдаалдын чоо-жайын билүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн" барганын билдирди.
Казак өкмөтү ишкананы "Казакстан Республикасынын пайдасына" кайтаруу аракети жүрүп жатканын билдирип, активдерди башка чет элдик инвесторлорго берүү маселеси каралбай турганын кошумчалады.
Теги индиялык британ миллиардери Лакшми Митталга таандык "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы өкмөттүк чиновниктердин сөзүнө комментарий берген жок. Компания "Азаттыктын" казак кызматынын суроолоруна жооп берүүдөн да баш тартты. Астананын аны менен кызматташууну токтотуу билдирүүсүнө да реакция кылган жок.
Финансы жааты боюнча эксперт Расул Рысмамбетов "АрселорМиттал Темиртау" акыркы жылдары айлана-чөйрөгө байланыштуу жана коопсуздук маселесинде көбүрөөк сынга кабылып келгени менен узак убакыт бою "өкмөттүн сүйүүсүн колдонуп" келгенин айтууда. Ал азыркы кырдаал Астана үчүн келечекте чоң көйгөй болушу мүмкүн деп эсептейт.
"Бүгүн президент "Арселор" мындан ары иштебей турганын айтты. Азыр эң башкысы Анатол Стати ( Казакстанды мунай бизнесин тартып алганы үчүн эл аралык сотко берген молдовалык бизнесмен-ред.) менен болгон кырдаалдай балчыкты басып албоо. Бул жерде актив Статиникине караганда көбүрөөк, эгер өкмөт жаңылса, доонун суммасы 20-30 ирет чоң болот. Эң алгач инвестор өз милдеттерин, мыйзамды бузганбы же жокпу, ага ким жардам бергенин аныктап алуу керек. Андан кийин коопсуздук техникасын текшерип, мурдагы кырсыктарды анализдеп, өндүрүшкө аудит жүргүзүү абзел. Мамлекеттик аппарат аны кыла алабы же жокпу белгисиз. Баары татаал. Канча киши өлүп атса "Кет, болду иштебейсиң" деп айтуу оңой эмес. Президенттин айтканын иш жүрмөйүнчө тапшырма катары кабыл алууга болбойт. Бул канчага созулат. Менимче өкмөттүк аппараттан эч ким тоскоол болбосо, жарым же бир айда иш бүтөт", - деди эксперт.
"АрселорМиттал Темиртау" компаниясы ири активге - Карагандадагы сегиз көмүр шахтасына, союз маалында курулган меткомбинатка, тоо-кен байытуу фабрикасына жана Темиртаудагы инфраструктуралык объекттерге ээ. Булардын баары анын колуна 1990-жылы өткөн. Келишимдин суммасы ачык айтылган эмес.
Расмий маалыматтарда "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын объекттеринде акыркы 15 жылда 100дөн ашуун адам каза тапкан. Ишемби күнү болгон кырсык тизмеге дагы отуздан ашуун кишинин атын кошту.
"Азаттыктын" казак кызматынын макаласын кыргыз тилине Санжи Туйтунова которду