Мы в Telegram
Добавить новость

Соревнования по айкидо пройдут в Раменском округе с 24 по 26 мая

Около 160 детей участников СВО из Ступина отдохнут бесплатно в лагерях

Молодежь Подмосковья приглашают на Международный форум «Байкал»

Паралимпиец из Звенигорода примет участие в международных соревнованиях

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тоолуу Карабак: ок атышуу Бакунун шарты менен токтоду

Тоолуу Карабак: ок атышуу Бакунун шарты менен токтоду

Тоолуу Карабак жикчил аймагынын өкүлдөрү 20-сентябрда түштө ок атышуу токтой турганын билдиришти. Азербайжандын Коргоо министрлиги бул маалыматты бышыктады. Бир күн мурда Баку “террорчуларга каршы” деген негизде операция баштаган. Жикчилдердин де факто омбудсмени тараткан маалыматка ылайык, азери аскерлеринин аткылоосунда 32 киши окко учту.

Маалыматтарга караганда, өзүн көз карандысыз деп жарыялаган жикчил аймактын бийлиги Азербайжандын талаптарын аткарууга көндү.

Азери Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Анар Эйвазовдун айтымында, Тоолуу Карабактагы мыйзамсыз армян куралдуу кошуундары таркатылат, куралдары тапшырылат.

Ошондой эле 21-сентябрда Азербайжандын Евлах деген шаарында аймактын армян жамаатынын интеграциясы тууралуу сүйлөшүүлөр башталары айтылды.

Тоолуу Карабакта 120 миңдей этностук армян жашайт.

Макулдашууга ал жакта жайгашкан орусиялык тынчтык орнотуучу контингенттин жардамы менен жетишилгени белгиленет.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ок атышууну токтотуу тууралуу билдирүүнүн текстин түзүүгө катышпаганын айтты.

Мунун алдында, шаршембиде, БУУнун, Батыш мамлекеттеринин жана Орусиянын чакырыктарына карабай Азербайжан жикчил аймакта аскердик операциясын улантарын ишарат кылып, “диверсанттарга” каршы аракеттер “ийгиликтүү” жүрүп жатканын билдирген.

Эл аралык коомчулук тааныбаган жикчил Тоолуу Карабактын де-факто омбудсмени азери аскерлеринин аткылоосунан 32 кишинин өмүрү кыйылганын 20-сентябрда эртең менен билдирди. Маалыматка караганда, курман болгондордун арасында эки бала жана беш жай тургун бар, 200дөн көп киши жараат алды. Айрым булактар жоготуулар мындан көп болушу мүмкүн деп болжолдошот.

19-сентябрда Баку “террорчуларга каршы” деп атаган операция баштаганда “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүнү” көздөгөнүн, армян жана жикчилдердин армиясына сокку урулганын билдирген. Расмий Ереван ал жакта аскерлери жок экенин айтып келатат.

Операциянын алдында азери бийлиги Арменияны жана жикчил аймакты теракттарды уюштурууга айыптаган. Шейшембиде эки машина минага кабылып, алты киши, катарында Азербайжан Ички иштер министрлигинин төрт кызматкери мүрт кеткени маалымдалган.

Пашинян Карабакты аткылоо согуш тутандырууну көздөрүн айткан. Премьер орусиялык бейпилдик контингентинен өз милдетин аткарууну талап кылып, белгисиз бир күчтөр Ереванда төңкөрүш уюштурууну пландаганын эскерткен.

Ошол эле күнү кечинде армян башкалаасында аймактагы зомбулукка каршы акция өтүп, полиция элди кулак тундуруучу граната колдонуп таркатты. Жергиликтүү маалымат каражаттары кагылышууларда бир нече киши жарадар болгонун жазышты.

"Бул күтүлгөн эле окуя болду деп ойлойм. Бир нече күндөн бери ушуга баратканбыз. Азербайжан чабуулга даярданган. Бирок күтүлгөнү менен, баары бир ушундай болорун ойлогон эмеспиз. Арцахтын тургундары үчүн да күтүүсүз болду. Азербайжан Армениядан, Арцахтан жагы бир нерсе алууга аракеттенишет", - деди Еревандагы акциянын катышуучусу.

Тоолуу Карабакты армяндар Арцах деп аташат.

Ал эми "Рейтерс" агенттигинин кабарчысы сөзгө тарткан Бакунун жашоочулары аскердик операцияны кубатташкан. Алардын бири - Рахман Габаров.

"Армения тыныгуудан кийин Азербайжанга чабуул коеру белгилүү болчу. Себеби, алар өч алгылары келет", - деди ал.

Азери президентинин кеңсесинин 20-сентябрдагы билдирүүсүндө айтылгандай, АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен сүйлөшүүсүндө Илхам Алиев “антитеррордук иш-аракеттер Карабактагы кошуундар куралын таштаганда” токтотуларын белгиледи.

Блинкен “согуштук аракеттерди тезинен токтотууга”, талашты дипломатиялык жол менен жөнгө салууга үндөгөн.

Америкалык башкы дипломат Армениянын премьери менен да өзүнчө телефондон сүйлөштү. Пашиняндын басма сөз кызматы маалымдагандай, тараптар “күч колдонбоо керектигин” белгилешти. Блинкен Кошмо Штаттар Армениянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдой турганын билдирди.

Эл аралык мыйзамдарга ылайык, Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы. 1993-жылы БУУ Карабактан армян аскерлерин чыгарууну жана аны Азербайжандын аймагы катары таанууну талап кылган төрт резолюция кабыл алган.

Коңшулардын талашы 1980-жылдардын аягында башталган. 120 миңдей этностук армян жашаган Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында өзүн-өзү “Тоолуу Карабак жумурияты” деп жарыялаган. Ортодо тутанган согуш 1988-1994-жылдары 30 миңдей адамдын өмүрүн кыйган.

Тоолуу Карабак жана Азербайжандын ага ыктаган бир нече району Армениянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Натыйжада 100 миңден ашуун адам, көбүнчө этностук азери жарандары жер которууга мажбур болгон.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 21-сентябрда Карабактагы абалды талкуулай турганы күтүлүүдө.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Вскоре знаменитая больница «Кащенко» отметит 130 лет

Политика: Эксперты оценили пользу России от вхождения Монголии в ШОС

Сезон отчетных концертов открылся в Лобне

Внимание, СТРАНА! Разыгрываем билеты на фильм "Заклятье. Мертвые воды" - и не только!

Музыкальные новости

Команда «Россети Новосибирск» вышла на #ЗаБег

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Азербайджанец в Москве проявил свой животный инстинкт в отношении 9-летней девочки и был задержан

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

Новости России

Глава Лобни провела совещание по вопросам благоустройства в городе

В Москве после драки в Бирюлево возбуждено уголовное дело

Очевидец рассказал, что участники перестрелки в Москве покинули место ЧП сами

Статичные подлокотники в офисных креслах – утончённый дизайн, комфорт, практичность

Экология в России и мире

Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении

Щитовидная железа - что это? Где находится? Какие заболевания вызывает?

Российские туристы встретились с таджикскими строителями в Новой Зеландии и были удивлены их жизни и ответами на вопросы

Сотрудники отеля Yalta Intourist поздравили ветеранов с Днём Великой Победы

Спорт в России и мире

Экс‑теннисистка Джорджи обвиняется в краже мебели и ковров на €100 тысяч — СМИ

Рахимова прошла во второй круг турнира WTA в Рабате на отказе Таунсенд

Шнайдер вышла в финал турнира WTA-125 в Париже, обыграв Грачёву

Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Moscow.media

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

АО «ДиМ» демонтировало 40% старого путепровода над железнодорожными путями

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1











Топ новостей на этот час

Rss.plus






«Айбат»? В России собираются выпустить автомобиль под названием i-Bat

Соревнования по айкидо пройдут в Раменском округе с 24 по 26 мая

Молодежь Подмосковья приглашают на Международный форум «Байкал»

Внимание, СТРАНА! Разыгрываем билеты на фильм "Заклятье. Мертвые воды" - и не только!