Мы в Telegram
Добавить новость

Путин 11 июня встретится с главой МИД Турции

Источник 360.ru: снаряд времен войны нашли возле школы в Москве

Конкурсные процедуры по строительству комплекса регазификации СПГ объявлены на Камчатке

Бывшему главному коммунальщику Минобороны РФ назначили 9 лет колонии за взятку

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Сөөктү араң алып келдик". Айперинин Алматыдагы табышмактуу өлүмү

Өткөн аптада Алматыда кыргызстандык келин балдарынын көзүнчө өз жанын кыйганы кабарланды. 29 жаштагы Айперинин жакындары бул каргашалуу окуя үчүн маркумдун күйөөсүн айыптап жатышат.

Өткөн аптада Алматыда кыргызстандык келин балдарынын көзүнчө асынып алганын кабарланды.

29 жаштагы Айперинин жакындары бул каргашалуу окуя үчүн маркумдун күйөөсүн айыптап жатышат.

Бир катар казакстандык маалымат каражаттары коңшуларына шилтеме берип, маркумдун үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип келгенин жазып чыгышты.

"Айпери жанын кыймак эмес"

Кичинекей эки кызын жетелеп, кичүүсүн бешик арабага салып алып, Алматынын борбордук паркында май токоч жана башка азыктарды сатып жүргөн Айпери менен казакстандык белгилүү блогер Гарипов бир жарым ай мурда маектешип, өзүнүн окурмандары аркылуу элге тааныштырган.

"Мен паркка балдарымды ойноткону алып чыкканда пирожки, сосиска сатам. Ансыз деле бул жерде убакыт өткөрөм да. Бош отурганча иштеп, акча тапканым жакшы. Бул адал эмгек, эч кандай жаман иш кылган жерим жок. Мен өзүм тигүүчүмүн, модельермин. Үйдө насыяга алган тигүүчү машинам бар, ага кардарлардан буйрутма алып тигем".

Мындан эки жума мурда эле блогер маркум келиндин балдарына жалаяк жана башка тамак-аш алып, жашаган үйүнө барганын да жарыялаган.

Блогердин Тик Токко жана Инстаграмга жарыялаган кыска тасмаларынан Айпери ага кардарлары көбөйгөнүн, түрдүү көйнөктөргө буйрутмалар түшө баштаганын айтып, тигүүчү машинасын көрсөтүп, сыймыктанганын көрүүгө болот.

"Мына бул илинип турган көйнөктөр буйрутмага тигилди, кыз узатууга кийилүүчү көйнөк. Бул болсо баш кийими", - деп ийгиликтерине кубанган.

Чиедей үч кызы бар жаш келиндин мындан көп өтпөй, өз өмүрүнө кол салышы жакындары, аны социалдык медиадан таанып-билгендер үчүн табышмак бойдон калууда.

Айперинин баракчасына, ал тууралуу блогер Гариповдун мурда тарткан тасмаларына келиндин өз жанын кыйганына ишене албай турганын билдирген комментарийлер жайнады.

Келиндин балдарынын көзүнчө жанын кыйганы тууралуу маалыматты биринчилерден болуп ага кошуна жашаган казакстандык активист Жибек Аменова Фейсбук баракчасына жарыялаган. Ал келиндин өз жанын кыйганына ишенбегенин айтууда.

"Айпери чын эле суицидге бардыбы? Биз - туугандары, достору жана кошуналары - буга ишенген жокпуз. Бул жерде өтө көп суроолор бар. Биз иштин адилет жана тыкыр иликтенишин талап кылабыз. Айперинин сөөгүн туугандарынын колуна күрөшүп жатып араң алып бердик. Эки сутка уктаган жокпуз. Бечара келиндин туугандары да кыйла басмырлоого туш болушту. Аларга күйөө баласынын туугандары сөөктү бир шарт менен - кылмыш ишин козгоодон баш тартып, Айперинин күйөөсүнө жана кайын журтуна эч кандай дооматы жоктугу тууралуу ишеним катты нотариус аркылуу беришкенден кийин гана өткөрүп беришти. Байкуштар эптеп кызынын сөөгүн алып кетүү үчүн баарына макул болуп, кол коюп беришти. Чек арадан чыкканга чейин Айперинин документтерин беришкен жок. Биз - кошуналары - Айперинин сөөгүн чек арага чейин узатып барып келдик. Айперинин кайын журту эмнеден коркуп жатат? Алар эмнени жашырышууда? Биз ушунун баарын аныктап чыгабыз. Бул же кылмыш же өзүн өлтүрүүгө жеткирүү...", - деп жазды активист Аменова.

Алматы полициясы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча "Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен жазык иши козголгонун маалымдаган.

29 жаштагы Айперинин сөөгү 13-июль күнү өзүнүн туулган жери - Кыргызстандын Кара-Кулжа районунда жерге берилди.

"Денесинде соо жери жок экен"

Айперинин эжеси Асема сиңдисинин сөөгүн ата-энеси араң алышканын "Азаттыкка" ырастады.

"Сөөктү зорго беришиптир. Алып келгени барган авам "бөтөн эл, бөтөн жерде сөөктүн деле кадыры жок турбайбы, эч кимге сөзүң өтпөйт экен" деп аябай кейиди. Булар баргандан кийин да сөөктү ала албай, эки күн туруп калышты. Кайын журту булар барганча эле "асынып алды" деп документтерин даярдап коюшкан экен".

Жакындарынын айтуусунда, диний жааттагы жогорку билимдүү Айгерим Бишкектеги медреселердин биринде өзүнөн 15 жаш улуу казак жараны менен таанышып, ага турмушка чыккан.

Асеманын эжесинин айтымында, маркум келин күйөөсүнүн зөөкүрлүгүнө жана кайын журтунун катаал мамилесине көп эле жолу даттанган.

"Сабаганын айтчу. Быйыл кайын энеси менен күйөөсү улуу эки кызын алып калып, кичүү кызы менен көчөгө чыгарып койгон экен. Кордайга чейин эптеп келип, ал жактан биздин туугандар Бишкекке алып кетишиптир. Бишкекте бир айдай жүрүп, аргасы жоктугунан кыздары үчүн кайра Казакстанга кеткен".

Айперинин өз жанын кыйганына ишене албаган коңшулары да социалдык тармактарда ал күйөөсүнүн токмогун көп жеп жүргөнүн жазышууда. Эжеси Асеманын айтуусунда, маркумдун сөөгүн жерге берерде жууганы кирген туугандары да келиндин денеси көгала болуп, соо жери калбаганын көрүшкөн.

"Сөөк жууганы кирген эжелерим, бир тууган сиңдиси да айтып атышат. Денесинин соо жери калбаптыр, бүт көгала так деп, сүрөткө да тартып алышыптыр. Эжем "бечара кыз жаны чыкпай аябай кыйналыптыр, катуу кыйнаган экен байкушту" деп жатат. Айпери үч кызы турганда өз жанын өзү кыйганга бара турчу жан эмес эле. Кыздарын деле өзү жалгыз эле багып жүргөнүн Инстаграмдагы видеолордо деле көрүнүп турбайбы".

Айперинин жакындары ушул тапта анын өлүмүнө кандай себеп болгону тыкыр иликтенип, эгер күйөөсүнүн тиешеси болсо, адилеттүү жаза алышын күтүп турушат.

Алматы полициясы Айперинин өлүмү боюнча кылмыш ишинин козголушу, иликтөөнүн жүрүшү тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.

Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу казак жаранына турмушка чыккан Айпери бир нече жыл мурун казак жарандыгын алганын белгилеп, кылмыш ишинин иликтенишине кийлигише албай турганын билдирүүдө.

Башкы консул Назарали Арипов консулдуктун юристтери маркумдун сөөгүн туугандарына алып берүүгө жардамдашканын "Азаттыкка" билдирди.

Айперинин үч кызы тең атасынын колунда калган.

Казакстандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, былтыр - 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 794 кылмыш иши козголгон. Үй-бүлөлүк зомбулуктан былтыр 93 аял каза тапса, быйылкы жылы январь, февраль айында эле 18 аял мындай зомбулуктан көз жумган.

"Кыздарга укугун бала кезинен үйрөтүшүбүз керек"

Кыргызстандан чет өлкөлөргө турмушка чыгып, күйөөсү, кайын журтунун курмандыгы же табышмактуу себептер менен өлүмгө дуушар болгон кыргыз кыздар аз эмес. Тилекке каршы, мындай кайгылуу окуялар Орусия, Сауд Арабия, Түркия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдө катталган.

Укук коргоочу, жарандык активист Бурул Усманали мындай кайгылуу окуялардын артында кыздардын өз укугун билбегени турат деп эсептейт.

"Кыздарыбызда бала кезинен аң-сезимине сиңип калган "эл эмне дейт?" деген жаман түшүнүк бар. Мында ал кыздын токмогун күндө жеп атса да күйөө сөрөйүнө чара көрүүнү сурап, полицияга кайрылбаганы, үч балалуу болгончо ажырашып кетпей, жашап жүргөнү - мына ушунун баарынын артында өз укугун билбегени, ошо бала кезден башына сиңген "ажырашып барсам эл эмне дейт?" деген караңгы түшүнүк тургансыйт. Чет өлкөлүк жаранга турмушка чыгып, ал жактын жарандыгын алган кыздын теги кыргызстандык болсо да, биздин мамлекет юридикалык жактан жардам бере албайт. Бирок кыз көрүп жаткан кордуктарын айтып, балким, эртерээк Кыргызстандын консулдугуна кайрылса, алар кандайдыр бир чара көрүп, аман калышы деле мүмкүн болчу. Кыздарга кичинекей кезинен укугун үйрөтүп чоңойтушубуз керек экенин, кызга мурдагыдай кырк үйдөн тыюу эмес, колдоо керек экенин коом тилекке каршы бүгүн да толук аңдап түшүнө албай турат".

2022-жылы Түркияда кыргызстандык келинди чогуу жашаган түркмөн киши өлтүргөнү аныкталган. Ошол эле жылы январда Стамбулда кыргызстандык аялды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн түркиялык кишиге кылмыш иши козголгон.

2021-жылы октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөн.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Свыше 140 земельных участков выставили на торги в Подмосковье за неделю

Путин 11 июня встретится с главой МИД Турции

Высокопоставленные функционеры МО РФ отправляются на строгий режим по приговору суда

Конкурсные процедуры по строительству комплекса регазификации СПГ объявлены на Камчатке

Музыкальные новости

«Эмоции нужно выражать культурно»: рэпер Звонкий — о политических взглядах, зрителях и хорошем вкусе

В Санкт-Петербурге прошел Кубок ПМЭФ по конкуру

В ПРЕДДВЕРИИ ДНЯ РОССИИ РОСГВАРДЕЙЦЫ ПРОВЕЛИ ПРАЗДНИЧНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ ДЛЯ ДЕТЕЙ

Рекордная жара до +50 в России: Вильфанд предупреждает об Эль-Ниньо, которая принесет адскую жару

Новости России

Бывшему главному коммунальщику Минобороны РФ назначили 9 лет колонии за взятку

До 20% месячной нормы осадков выпало в Москве в ночь на 11 июня

«Бесконечный» забег на выносливость пройдет в Петрозаводске

Путин 11 июня встретится с главой МИД Турции

Экология в России и мире

Новые электрические щетки Revyline RL 085 Black доступны в филиале марки в Ставрополе

Об отношении к русским в Азербайджане

Армянские ковры Арцаха (Карабаха) с уникальным орнаментом представлены как «генетический код» Азербайджана - сайт monumentwatch

Комплект зубных щеток для детей Revyline S4800 "Чебурашка" появился в филиале бренда в Уфе

Спорт в России и мире

Итальянский теннисист Янник Синнер впервые возглавил рейтинг ATP

Итальянский теннисист Синнер стал лучшей ракеткой мира в рейтинге ATP

Касаткина опустилась в рейтинге WTA, Андреева впервые вошла в топ-25

Свёнтек сравнялась с Шараповой по победам на турнирах Большого шлема

Moscow.media

Торговые настольные электронные весы CAS PR-15P

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Соцфонд выдал проактивно 3,2 млн сертификатов на материнский капитал

Мост в Нагатинском затоне соединил берега

"Дети в шоке". В Новоуральске машина ДПС сбила байк с детьми 13-ти и 8 лет











Топ новостей на этот час

Rss.plus






РЖД: по двум модернизированным перегонам БАМа открыли «тяжеловесное движение»

Бывшему главному коммунальщику Минобороны РФ назначили 9 лет колонии за взятку

Свыше 140 земельных участков выставили на торги в Подмосковье за неделю

Высокопоставленные функционеры МО РФ отправляются на строгий режим по приговору суда