Кыргызстанда жаңы төрөгөн аялдарга иштеген жеринен жана мамлекеттен төлөнүп берилүүчү (декреттик) жөлөкпул келерки жылдан тартып эки эсе көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн 21-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 1-январдан баштап жогорулайт.
Азыркы мыйзам боюнча иштеген аялга жумушунан толук айлыгынан он күндүк өлчөмдө жана республикалык бюджеттен болжол менен 4-4,5 айга ар бир айына 1 миң сомдон төлөнүп берилүүдө.
Жаңы жылдан тартып жөлөкпулдун республикалык бюджеттен төлөнүүчү бөлүгү тоолуу эмес аймакта иштеген аялдар үчүн эки эсе көбөйөт. Тагыраагы – ар бир айына 1 миң сом дегендин ордуна эми 2 миң сомдон болот.
Ал эми бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймакта иштеген аялдарга жөлөкпулдун бюджеттен каржылануучу бөлүгү алардын толук айлык акысынын өлчөмүндө жүргүзүлөт.
Министрдик мындай кадам аялдарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында жасалып жатканын белгиледи.
Азыркы тапта, мекеме кошумчалагандай, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 16,1 миң сомду түзүүдө. Быйыл жыл башынан бери жөлөкпулдун бул түрү 15 миң аялга 249 миллион сом өлчөмүндө төлөнүп берилди. (RK)