Чек ара кызматы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Бүргөндү айылында Өзбекстандан аткезчилик жол алынып келген 7 тонна насвай кармалганын билдирген. Тешерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз жүк Өзбекстандын Чаң-Гара анклавы аркылуу киргени аныкталган. КамАЗ үлгүсндөгү машинанын айдоочу кыргыз жараны болгон.
Аталган анклав аркылуу буга чейин дагы аткезсилик жол менен насвай ташылып келген фактылар аныкталган.
Насвай чегүү Борбор Азияда өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири тараган. Ал түрдүү жугуштуу оорулардын тарашына себеп болуп жатканын дарыгерлер айтып келет.
Буга чейин активисттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна да кайрылып, насвайга лабороториялык анализ жүргүзүү маселесин көтөрүшкөн.
Насвай сатууга тыюу салуу маселесин буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары көтөргөн, бирок ишке ашкан эмес.