Мы в Telegram
Добавить новость

Положительная динамика наблюдается в базовых отраслях экономики Орехово-Зуева

Строительство придорожного автоцентра возобновили вблизи деревни Дудкино

92-летний красногорец стал участником марафона скандинавской ходьбы

Жителей и гостей Люберец 25 мая приглашают в парк на концерт памяти Ю. Шатунова



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Алты жыл бою дайынын билген жокмун". Шинжаңда видео бөлүшкөнү үчүн камалган Камила

2022-жылы декабрда Кытайдын Хэнань провинциясындагы университеттин студенти Камила Вайит Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Артыш шаарындагы ата-энесинин үйүндө кармалган.

Алты ай бою дареги жок болуп, июнь айынын башында гана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Вайит "экстремизмди жайылткандыгы үчүн" камакка алынганын айткан.

Бул "кылмыш" үчүн жазанын мөөнөтү беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Анын бир тууганы жана укук коргоочулар ал WeChat сайтында Кытайдагы чектөөлөргө каршы нааразылык акциялары тууралуу видеону көчүрүп бөлүшкөнү үчүн жазаланды деп эсептешет.

Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном районунда кытай бийлиги этникалык мусулмандарды куугунтуктаганы жаңылыктарда көп айтылат.

"Кайра тарбиялоо лагери" деп аталган ал жайларда жүз миңдеген адамдар тикен зымдын артында турушат.

Бир нече жылда эле Камила Вайит бир канча жакын адамынан айрылды. Анын АКШга окууга кеткен бир тууганы Каусар репрессиядан коркуп, өз мекенине кайтып келүүнү каалабайт. Кыздын атасы "Кытайга достук мамиле кылбаган өлкөлөрдүн" тизмесине киргизилген Түркияга барып келгенден кийин кармалып, "кайра тарбиялоо лагерине" эки жылга жөнөтүлгөн. Атасынын бир тууганы 15 жылга эркинен ажыратылып, анын студент балдары да милдеттүү түрдө "кайрадан тарбияланууга" жиберилген".

Бул репрессиялардын бардыгы, негизинен, Кытай өкмөтү тарабынан өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө чоң коркунуч келтирет деп эсептелген мусулман дининдеги этникалык топторго каршы багытталган.

2014-жылы Шинжаң өкмөтү жарандар байкаганда полицияга кабарлашы керек деп диний экстремизмдин 75 белгисинин тизмесин чыгарган.

Андагы айрым мисалдарды келтирели: жаш жана орто курактагы эркектер сакал койгону, аялдардын хижаб оронгону; “халал эмес” товарлардын жүгүртүлүшүнө тоскоолдук кылуу; мамлекеттик субсидиялардан баш тартуу; орозо айында ресторандын жабылышы; үйдө көп өлчөмдөгү тамак-ашты сактоо же көп сандагы буюмдарды дароо сатып алуу; күтүлбөгөн жерден жашаган жерин өзгөртүү; түрк жана араб тилдерин үйрөтүү; коомдук жайларда намаз окуу; үйдө бир нерсени басып чыгаруу жана көчүрүү; гантель, штанга, бокс мээлейи, эспандер, ошондой эле карта, компас, дүрбү, трос, чатырларды сатып алуу же сактоо; ширеңке жана бензинди көп сатып алуу; спирт ичимдиктери жана тамекисиз той өткөрүү; мыйзамсыз саясий жана диний китептер менен аудиовизуалдык өнүмдөрдү, электрондук китептерди, аудио жана видео файлдарды камтыган компьютердик же мобилдик сактоочу каражаттарды үйдө сактоо же алып жүрүү; спутник антенналарын колдонуу, чет элдик диний радио жана телекөрсөтүү программаларын мыйзамсыз угуу, көрүү жана жайылтуу үчүн интернет, радио ж.б. колдонуу, мусулманча нике кыюу; ошондой эле күтүлбөгөн жерден арак ичкенин жана тамеки тартканын токтотуу, алкоголь ичкен туугандары менен катышпай калуу.

 

Илья Фальковский. "Бурхан Шахидинин изине түшүп, же Шинжаң 50 жылдан кийин"

 

Камиланын АКШда жашаган агасы Каусар Вайит “Сибирь.Реалии” радиосуна уйгурлардын өз мекениндеги жашоосу жана эмиграция жөнүндө айтып берди.

– Карындашымды акыркы жолу 2016-жылы көргөм, ошондо 12 жашар эле. Бир нече ай мурун гана дагы бир жолу телефон аркылуу сүйлөшө алдым. Жакын туугандарым мени WeChat мессенжердеги достор тизмесинен алып салгандыктан, мен аларга жаза алган жокмун, бирок алардын постторун көрүп турдум. Карындашым кээде WeChat’та жарыя чыгарып жүргөнүнөн анын эркин экендигин билчүмүн. Ошол эле жылдын август айында биз Douyin аркылуу жашыруун байланышуунун жолун таптык – бул материктик Кытай үчүн TikTok’тун бардык цензуралык чектөөлөрү бар версиясы. Акыркы жылдары үй-бүлөмдө эмне болуп жатканын билгим келди, ошондуктан карындашыма сансыз суроолорду бердим, ал дагы "тыңшоочулардан" коркпой, бардык жоголгон туугандарыбыз жөнүндө айтып берди.

Менин байкем 15 жылга эркинен ажыратылып, эки бөлөм дайынсыз жоголуптур. Алардын бири Кытайдын абройлуу окуу жайларынын бири болуп эсептелген Шанхай транспорт университетинин студенти эле. Ал информатика адистиги боюнча билим алып, жайында эс алуу үчүн Шинжаңга кайтып келгенде кармалган экен. Дагы бир аталаш тууганым Шинжаңда полиция "тынчсызданган" уйгурларды массалык түрдө камакка ала баштаган 2017-жылы Тажикстанга качыптыр. Үйдө ал кош бойлуу аялын таштап кетиптир, кийин алты жыл ичинде баласын телефон экранынан гана көрүп туруптур. Акыры ал айласы кетип, кайтып барууну чечиптир. Кайтып баргандан көп өтпөй полиция кызматкерлери алып кетип, ал дагы дайынсыз жоголуптур.

Мунун баары 2017-жылы, атабыз кармалганда башталган. Кытайдагы акыркы "антитеррордук өнөктүккө" ылайык, Шинжаңдын ар бир тургуну, негизинен ислам өлкөлөрүн, Тайландды жана ал тургай Орусияны камтыган "сезимтал өлкөлөрдүн" бирине барып келген болсо, бул үчүн бир нече жыл "кайра тарбиялоо лагеринде" эки жыл же түрмөдө бир нече жыл отурушу керек. Атам Түркияга он күндүк жолдомо алгандыгы үчүн эле кармалган. Атамдан тышкары, көптөгөн уйгур жазуучулары, акындар, ырчылар – негизинен, белгилүү адамдар узак убакыт бою эркинен ажыратылган. Эки жылдан кийин атам лагерден бошонуп чыкты. Албетте, ал башынан өткөргөн нерселери жөнүндө айтчу эмес. Мен анын арыктап, чачы түшүп калганын, жүрөгү, башы ооруй турганын жана кан басымы көтөрүлгөнүн гана билчүмүн, – дейт Каусар.

Уйгурларга каршы жапырт репрессиялардын акыркы толкуну коронавирус пандемиясына чейинки 2017-2018-жылдарга туш келип, ошондо Шинжаң-Уйгур районунда 500 миңге жакын адам камакка алынган. Локдаун (COVIDге байланышкан чектөөлөр) учурунда репрессиялардын масштабы акырындык менен азайып, кийин кайрадан көтөрүлүп кетти. 2022-жылы 24-ноябрда Үрүмчүдөгү бийик имараттардын биринде өрт учурунда имараттан чыга албаган адамдар өрттөнүп кетишти, анткени эшиктер сыртынан кулпуланган эле. Бул полициянын вируска каршы күрөшүү иш-чараларынын бири болчу. Ушул трагедиядан кийин Кытайда коронавируска байланышкан чектөөлөргө каршы массалык нааразычылык акциялары башталды. Демонстранттар көбүнчө өлкөдө өкүм сүргөн цензурага каршы нааразычылык акциясынын символу катары колдоруна ак барактарды кармап турушту. Бийликтегилер нааразычылык акциясынын катышуучуларын да, социалдык тармактарда каршылык жөнүндө видео тараткандарды да кармай башташты.

Камила 2022-жылы декабрь айынын аягында кармалган. Ошондон эки жума мурун ал WeChat сайтына “Ак барак” нааразылык акциясынан видео жарыялаган эле.

– Камила бул видеону жарыялаган кезде, атамды дароо полицияга чакырып, эжемди ошол постту алып салсын дешиптир. Ал талапты аткарыптыр, балким, бир аз кечиккен. Же бийликтин ачуусун келтирген башка себеп болгон окшойт, – дейт Каусар Вайит.

Ал АКШга окууга 2013-жылы кеткен. Ал кезде уйгурлардын чет өлкөдө окуусуна уруксат бар эле. Каусар Монтана шаарындагы христиан мектебине кирген. Көптөгөн америкалыктардын динге жакын экендиги ал үчүн күтүлбөгөн жана жаңы тажрыйба эле. Кытайда атайын храмдардан башка бардык жерде дин жөнүндө сүйлөшүүгө тыюу салынат. Мусулмандар, айрыкча кытай бийлиги экстремизмге жана сепаратисттерди тымызын колдойт деп шектелген уйгурлар катуу көзөмөлгө алынат. "Диний фанатизм" боюнча сыноо үчүн жөнөкөй тест бар: уйгур мектептеринде же жумуш орундарында орозо айында акысыз түшкү тамак берилет, эгер баш тартсаң, полиция териштире баштайт.

– 2012-жылы Кытайда уйгурлардын жашоосу өтө татаалдашып, көптөгөн чектөөлөр киргизиле баштады. Мисалы, мейманканаларда жайгашуу же Кытайдын ири шаарларына саякаттоо жагынан. Мен барганда дайым полиция документтеримди текшерип, канча убакыт турарымды, эмне үчүн келгенимди сурачу. Эгер сиз уйгур болсоңуз, бул жерде жөн эле жүрө албайсыз, Шинжаңдын чегинен сыртка чыгуу үчүн орчундуу жүйөңүз болушу керек.

Америкада жашаганда апама дээрлик күн сайын, атама жумасына бир жолу чалып турчумун. 2017-жылы июлда атамдын телефону өчүрүлдү. Мен апамдан бул жөнүндө сурасам, ал бир жакка кетип, телефону зарядсыз калган го деген эле. Бирок эртеси да апам ошол эле жоопту кайталады. Анан аталаш иниме чалдым, көрсө аны бир топ убакыт камап, кайра чыгарышкан экен. Мен төрт жыл бою чалгандай эле "шифрлебей" чалдым, ошондуктан бул америкалык номер экендиги көрүнүп. Иним мындан ары чалбай жүрчү деди.

Ошол кезде көптөгөн досторум, классташтарым жана атүгүл туугандарым мени WeChat’тагы достук тизмеден чыгара башташты. Америкадагы уйгур досторум менен сүйлөшсөм, алардын да үй-бүлөлөрү менен байланышы үзүлө баштаптыр. Чикагого көчүп кетип, колледжде башталгыч курстарда окуп жүрдүм. Албетте, эмне кылышымды билчү эмесмин. Апам менен сүйлөшүүгө жетиштим. Ал атамды аз эле убакка камалды деп ойлогонун айтты. Көп болсо бир-эки апта же айдан кийин бошонуп чыгат деп үмүттөнгөн эле. Бирок атам "кайра тарбиялоо лагеринен" бошотулганга чейин эки жыл өттү.

2019-жылы апрелде атам акыры бошотулуп, WeChat’та сүйлөшө алдым. Бирок биз баары ойдогудай болуп, эч качан камакка алынбагандай сүйлөштүк.

“Тыӊшоонун” айынан WeChat’та биз эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшүбүз керек болчу, – дейт Каусар.

Бир нече ай бою ал ата-энеси менен байланышып турду. Бирок ал көп өтпөй Шинжаң лагерлеринде жана түрмөлөрүндө жабыркагандардын shahit.biz маалымат базасын түзгөн Евгений Бунинге маек берди. Каусардын атасынын тагдыры тууралуу маеги жарыялангандан бир жума өткөндөн кийин туугандары менен байланышы үзүлүп калды. Атүгүл энеси аны WeChat’тагы достор тизмесинен четтеткен. Атайын кызматтар ишенимсиз эмигрант уулу менен ата-энесинин сүйлөшүүсүнө тыюу салганы айдан ачык болду.

– Эки жылдан кийин мындай тыюуга чыдабай, жергиликтүү кызмат адамдары менен полицияга чала баштадым. Алар Америкадан чалганымды угар замат өчүрүп жатышты, анткени Кытайдагылардын баары чет өлкөлүктөр менен телефон аркылуу сүйлөшүүдөн коркушат, – деп Каусар эскерет.

– Бирок акыры өжөрлүгүм жыйынтыкка жеткирди.  Улуттук коопсуздук министрлигинин агенти WeChat’тагы "досторума" кошулду. 2022-жылы январда ал мага үй-бүлөм менен 20 мүнөт сүйлөшүүгө уруксат берди. Башкача айтканда, ал өзү биздин үйгө барып, ошол жерден чалды. Эки жылда биринчи жолу ата-энем менен сүйлөшө алдым, дагы бир жолу эч нерсе болбогондой "кадимкидей" сүйлөштүк. Такыр кабарсыз калган эки жыл болбогондой. Көрсө, атам супермаркетти башкарып, апам мугалим болуп иштеп, иним менен карындашым мектепке барып жүргөн имиш. Сүйлөшүп жатканыбызда апам тынбай ыйлады, атам саясатка аралашпа, өздөрүнүн сүрөттөрүн интернетте чыгарба дей берди, анткени мен ата-энем же дайынсыз жоголгон туугандарым жөнүндө твиттерде жазчумун.

Сүйлөшүүнүн аягында агент да ошону айтты, "сак бол, ким менен сүйлөшүп жатканыңды байка" дегендей мааниде эскертти. Албетте, ата-энемдин тирүү, тартиптүү жана иштеп жаткандыгына аябай кубандым, ошондуктан көңүлүм бир аз тынчыды. Ушунчалык чектөөгө кабылганыма да кайылмын.

Акыркы жолу агентке эжем жоголуп кеткенден кийин чалууну чечтим. Бирок ал телефонду көпкө чейин албай, жооп бербей жатты.

Мен полиция бөлүмүнө чалып, анын номурун терүүнү сурандым, бирок кайра эле жооп беришпеди, эртеси да эч ким унчукпады. Дагы бир күндөн кийин полицияга кайра телефон чалдым эле, акыры ошол агент өзү жооп берди. Ал мени менен жекече сүйлөшүп, опузалады. Сен тилиңди тыйбасаң, үй-бүлөң менен сүйлөшүүңө кантип уруксат берем деди. Мен мыйзамсыз соттолгон бир туугандарым жана жакындарым үчүн жазып жатам дедим. Ал экөөбүз мындай талаштык:

"Алардын кылмыштарын билесиңби? Алар жөнүндө эмнелерди билесиң?"

"Эгер алардын күнөөсү болсо, алардын кылмыштары жөнүндө айтып бериңиз да! Эмне үчүн мага бул тууралуу эч нерсе белгисиз?". 

"Эгер сен интернетке көп чыгып, беймаани нерселерди айта берсең, анда мен сага кантип чындыкты айта алам? Үй-бүлөдө эрежелер болгондой эле, өлкөдө мыйзам бар, эгер кимдир бирөө мыйзамга каршы иш кылса, аны жазалашат”, - деп айтып берди Каусар Вайит.

– Бул Шинжаң үчүн "адаттагыдай" эле окуя, – дейт Шинжаң лагерлеринин жана түрмөлөрүнүн курмандыктарынын shahit.biz маалымат базасын түзүүчү Евгений Бунин. – Адамдар болор-болбос нерселер үчүн, эч кандай чакырык камтылбаган көчүрмө посттору үчүн эле көп жылга кесилип жатышат. Тилекке каршы, Камиланын улуттук теги да бөгөт чаранын оордугуна таасирин тийгизди. Түрмөгө отургузуу мөөнөттөрүн карасак, титулдук улуттун өкүлдөрү (ханзулар) үчүн бул чектөөлөрдүн көбү жок экенин көрөбүз. Эгерде ханзунун телефонунан тыюу салынган нерсе табылса, ага карата 10-15 күндүк эле административдик жаза көрүлөт. Ушундай эле жосундары үчүн уйгурлар дароо лагерге жөнөтүлөт же түрмөгө камалат.

– Кытайдын "титулдук эмес" элдерине карата жасалган репрессиялардын далилдерин кантип чогултуп жатасыздар?

– 2018-2019-жылдары биздин колубузда кармалгандардын туугандарынын күбө катары айткандары гана болгон, алар негизинен казактар эле. 3-4 миңдей видео далилди казактар "Ата Журт" уюму аркылуу беришкен (бул Кытайдагы казактар менен уйгурлардын кысымы боюнча иш жүргүзгөн Казакстандагы адам укуктары боюнча эң ири көз карандысыз уюм. – СР), ал эми уйгурлар, балким, бир нече жүз тасманы жиберишкен. Ишибиз башталган алгачкы бир-эки жыл аралыгында адамдар бизде ушундай казак базасы бар экен деп ойлошкон эле, бирок кийин баары өзгөрдү. 2019-жылдын аягында биз олуттуу документтерди, мисалы, полициянын тымызын же хакерлер аркылуу алынган отчётторун көрө алдык. Азыр биздин базанын 90% жеке күбөлөрдүн сөздөрү эмес, анык документтер түзөт. Азыр күбө өткүдөй адамдар аз. 2019-жылы көптөгөн адамдар лагерлерден бошотула баштаганда, алардын туугандары унчукпай калды.

"Бурхан Шахидинин артынан же 50 жылдан кийинки Шинжаң" китебинин автору, көз карандысыз изилдөөчү Илья Фальковский Шинжаӊ шаарында санариптик көзөмөл кандайча жүргүзүлүп жаткандыгын айтып берди:

– Кытайдын калган провинцияларында "санариптик көзөмөл" киргизилгендей эле, Шинжаңды “санариптик колониялаштыруу” ырааттуу, баскыч-баскычы менен жүргүзүлүп жатат: телефондогу көзөмөл программалар, өткөрүү пункттарындагы документ жана көз тааныгыч сканерлер, базар жана сейил бак сыяктуу коомдук жайларда текши байкоо камералары ж.б. орнотулган. Көзөмөл өтө катуу, бирок жашоонун бардык эле чөйрөлөрүнө сүңгүп кирүү мүмкүн эмес, мен айткандай, "тосмодогу жылчыктар" кала берет. Анүстүнө, айрым чегинүүлөр да байкалат – лагерлердин көпчүлүгү жабылып, калгандары түрмө болуп калган. Sky News’тун Шинжаңдан берген акыркы кабарында жазылгандай: "Репрессия күчөп турган кезде (2017-жылы. – СР) Шинжаңдагы ири дүкөндөргө жана ресторандарга кирүү үчүн коопсуздук тутумун жана металл тапкычты аралап өтүүгө туура келчү. Бул коопсуздук шаймандарынын көпчүлүгү же алып салынганын, же колдонулбай калганын байкадык".

Мындай көрүнүш чын эле көзгө урунат – мен сабак берген Гуанчжоудо сентябрь айына карата Шинжаңдан келген студенттер көп кабыл алынды, баары уйгурлар дешет. Буга чейин мындай болгон эмес.

- Менин оюмча, Кытай бийлиги "эки жылда жаштарды кайрадан тарбиялоо" программасын расмий түрдө ишке ашырды, эми буга ыраазы болуп турган кези. Күчтүү интеллигенттерди (диний жана маданий ишмерлерди) түрмөгө узак мөөнөт менен же биротоло тыгып салышты, калгандары катуу көзөмөлгө алынды. Тизгин бир аз жайылды, эми адамдар ыӊгайлашып калдык дегендей түр көрсөтүп калышат, – дейт Фальковский.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Дороги Подмосковья во вторник вечером загружены на 6 баллов

Стала известна стоимость билетов на суперфинал Кубка России по футболу

«Гигант из Елбашей»: житель Новосибирска нашел огромный сморчок

Внимание, СТРАНА! Разыгрываем билеты на фильм "Заклятье. Мертвые воды" - и не только!

Музыкальные новости

Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении

Наследие Шаляпина и Рахманинова представили на выставке-форуме «Россия»

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»

Новости России

Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах

Опять "Садовод": афганец, напавший с ножом на девушку, работал на рынке

Новую редакцию свода правил «Внутренний водопровод и канализация зданий» подготовили в городе

Если все-таки теракт, то кому была выгодна смерть президента Ирана Эбрахима Раиси?

Экология в России и мире

Вкусно и безопасно: гастроэнтеролог Садыков назвал 5 продуктов, снижающих холестерин

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.

Модернизация контейнерных площадок продолжается в Реутове

Спорт в России и мире

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки

Путинцева вернулась после 0:6 и одержала важную победу

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения

Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP

Moscow.media

Вологодские зарисовки

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Старый Гоор.











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Россиян пригласили до 2 июня сдать накопившуюся мелочь в банки

Региональное Отделение СФР предостерегает граждан Москвы и области от новой мошеннической схемы

Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах

Сергунина: в Москве появилась собственная платформа по разработке моделей ИИ