Мы в Telegram
Добавить новость

IRNA: точной информации о местонахождении вертолета президента Ирана нет

Животные вновь появились в экоцентрах Москвы

Mash: свадьбы в России летом подорожают на 30-50%

Ликсутов: Более 1 650 электробусов курсирует в Москве



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Коомдун корунбаган мүчөсү болгубуз келет"

Бул макалада ЛГБТ (лесбиянка, гей, бисексуал, транс*) өкүлдөрү кабылган көйгөйлөр баяндалат. Биз алардын жеке коопсуздугу, квир чөйрөнүн консервативдүү коом менен айкалышы, өз баштарынан өткөргөн окуялары, азчылык өкүлдөрүнө адамдардын мамилеси камтылды.

* квир адам - гетеронормативдик нормаларга кирбеген, адамдардын бардык иденттүүлүгүн камтыган кенен түшүнүк. Жөнөкөй сөз менен айтканда, адам өзүн салттуу эмес багыттын өкүлү деп санайт. Квир адамдар гендерди түшүнүүнүн бинардык системасы - аял жана эркекке гана бөлүүнү кабыл албаган учурлар да бардыгын, алардын жынысы цисгендердик (бинардык) иденттүүлүккө таандык эмес болушу мүмкүн экенин туюнтат.

*Каармандарыбыздын жеке коопсуздугу үчүн ысымдары өзгөртүлдү.

"Зордуктап, мазактап, коркутту"

Улан 20 жашта. Ошто төрөлүп-өскөн. Орто билимдүү. Учурда немис тили курсуна барып жүрөт. Анын айтымында, мектепте окуп жүргөндө эркек балдар менен эмес, көбүнчө кыздар менен достошчу. Бул үчүн айылда шылдыңга калып, бала чагында эле психологиялык жактан сокку алган.

"Кыздар менен достошконум үчүн шылдыңдашчу. 11 жыл бою ошентип жүрдүм. Бул нерсе мени аябай ойлонтуп, жүрөгүмдү сыгып келет. Бир жашымда ата-энем эки жолго түшүптүр, чоң энемдин колунда чоңойдум. Үйдөн сыртка көп чыкпайт элем. Кир жууп, үй жыйнап жалаң кыздардын жумушун жасачумун. Ошол эле учурда кыздар менен ойногум келип, алар менен достошчумун. Кийин башыман өтө оор сыноолор өттү. Автоунаага түшүп, зордуктоого кабылдым. 17 жашта элем. Мектепти жаңы бүтүргөн жылым болчу. Шаарда иштеп, айылдан каттайм. Бир күнү кечинде үйгө кетүү үчүн таксиге чыккам. Ал жолдо ар нерселерди сүйлөп баратып эле автоунаасын токтотуп, мага күч колдоно баштады. Абдан корктум. Каршылык кылууга дарманым жетпей калды. Машинадан анын документтерин телефонума тартып алып, милицияга кайрылгым келген. Тилекке каршы, ал да ишке ашпай калды. Анткени сүрөткө тартканымды көрүп калып, досуна алып барып, "гейди тутуп алдым" деп ур-токмокко алып, телефонумдагы сүрөттөрдү өчүртүштү. Жашың жете элек, көчөдө жүрөсүң дешти", - дейт Улан.

Бул окуядан кийин ал катуу коркуп калган экен. Түн жарымда качып чыгып, шаардагы кафеси бар бир мейманканага кирип жардам сураганын айтып отурду. Ал жерде иштеген кыздар тааныш дарыгерге көргөзүүнү сунуштап, шаардан батир тапканга көмөктөшкөн.

Алар укук коргоо органдарына кайрылып, окуя болгон жердеги видео көзөмөлдөрдү издеп көрүүгө да кеңеш берген. Бирок Улан ага караманча каршы болгон. Анткени ал башынан эмне өткөргөнүн үй-бүлөсү, жакындары, туугандары билип калат деп чочулаган.

"Гей деген сөздү мурда угуп жүргөнүм менен толук түшүнчү эмесмин. Өзүмдү изилдеп, ЛГБТ жөнүндө окуп, маалымат ала баштагандан кийин гей экенимди билип, кабыл ала баштадым. Бирок кээде "эмнеге мен жөнөкөй адамдардай эле болуп төрөлбөдүм экен?" деп санааркайм. Өткөөл куракта өзүмдү жек көрчүмүн. Өзүмө кол салсамбы деген да ой келчү. Азыр деле куугунтукка кабылам. Айылга барганда сөйкөмдү чечип коем. Албетте, кыйналам. Шаарда эл эми түшүнө баштады, бирок айылда андай эмес. Мисалы, менин кичине карындашым "Сиз эмнеге маникюр жасатасыз, ал кыздар үчүн го" деп сурайт. Мен ага башка адамдын ишине киришпөө керектигин, анткени бул жеке чек араны бузууга жатарын, кыздарды жана балдарды эки бөлүп карабоого болбосун түшүндүрөм".

"Жеке коопсуздугуман корком"

Улан үйдө эле эмес, көчөдө, коомчулукта да жеке чек араны, тандоо укугун сыйлабагандар көп экенин белгиледи. Коомдук жайларда адамдар сөйкө тагынып жүргөнү үчүн орунсуз суроолорду берип тажатарын айтып отурду.

"Уруш-талаштан аябай корком. Жашоомдо үч-төрт жолу катуу соккуга кабылгам. Акеме каяша кайтарганым үчүн бир жолу таяк жегем. Андан кийин көчөдө зордуктоого кабылдым. Өзүмдү коргой албайм. Ошондуктан ал нерседен качканга аракет кылам. Көбүнчө 20 жаштан жогорку эркек кишилер жана аялдар көп басмырлайт.

Укук коргоо органдары мени коргой турганына ишенбейм. Аймакта биздей адамдарды жаман көргөндөр көп, кайра өзбүздү күнөөлөшү мүмкүн. Адам катары эсептебегендер да бар.

Зордуктоого кабылгандан кийин эки-үч ай катуу кыйналып, жапа чектим. Үч жылдан кийин гана ал окуяны башкалар билип, түшүнсүн деп айта баштадым. Эки жыл Москвада жашагандан кийин ичимде кек сактабай калдым. Албетте, бул кыйын, оор. Азыр бала кезде алган травмаларымдан арылуу үчүн дарылана баштадым. Башкаларга ата-энеңер түшүнүктүү болсо айткыла, арыз жазгыла, мага окшоп жазасыз калтырып койбогула деп айткым келет. Биздейлерди кабыл алуу үчүн өлкөнүн өнүгүшүн каалайм. Адамдар бизди бөлбөсө дейм. Мага окшоп коопсуздугунан, эшикте эркин басып жүрүүдөн коркуп Европага кетүүнү каалашпаса. Сырттан келген адамдар бизге жакшы эле карайт. Өзүбүздүкүлөр эле, "кызсыңбы же баласыңбы? "- деп сурай беришет жерип. Ар бир адам өз жашоосу менен алек болушу керек го. Бирөөлөрдүн жашоосуна кийлигишүүнүн кажети канча? Мисалы, топ балдар турган жерден жалгыз өтүп баратсам суроо бере башташат. Мен унчукпай өтүп кетем. Ал адамдар өзгөрбөйт деп ойлойм", — деп сөзүн жыйынтыктады Улан.

«Өзүмдү кабыл алуу кыйын болду»

Экинчи каарманыбыз Зарина Жалал-Абадда төрөлгөн. Транс* адамдардын укугу боюнча активист. Көп учурда алардын укугун коргойт. Жынысын өзгөртүүдө юридикалык, медициналык жактан жардам көрсөтүп, кеңештерин берип келет.

"Мен өзүм негизи 12-13 жашымда сезгенмин, бирок билген эмесмин. Кийин 9-классты аяктаганда 16-17 жашымда интернеттен жана тааныштардан маалымат алдым. Эркек бала болуп төрөлсөм да, өзүмдү кыз катары элестетчүмүн. Менин оюмча өзүңдүн ориентацияңды билүү башка, кабыл алуу башка. Ориентациямды билгенден кийин өзүмдү кабыл алуу бардык жагынан кыйын болгон. 22-23 жашымда кызга окшоп кийинип, боёнуп, жыныстык катнашка бара баштагам. Бирок азыр деле өзүмдү таптым деп айта албайм. Ичимде дагы да суроолор бар. Өзүмдү издеп баштаганда мага эч ким жардам берип, колун сунган эмес. Өзүмдү өзүм таптым", — дейт Зарина.

"Өзгөчөлүгүмдөн далай запкы жедим"

Заринаны Ошто, Бишкекте жана Жалал-Абадда бир нече жолу сабап кетишкен. Тапанча менен коркуткандар, үйүнө чейин келип ур-токмокко алгандар, күч органдарын чакырган окуяларды башынан өткөргөн. Бирок аларды эстегиси келбей турганын айтып, транс* адамдардын жашоосун коркунуч коштоп жүрөрүн белгилейт. Алар коопсуздугунан коркуп, жашыруун өмүр сүрүүгө аргасыз экенин айтып берди.

"Москвада гомофобдор кирип “кызматыңар жакпай калды” деп сабап кетишкен. Жалал-Абаддан Ошко жаңы келгенде батириме чейин аңдышкан. Бишкекте да болгон. Каралар келип сабап кеткен. Негизи транс* адамдар үчүн аймактарда жашоо аябай кыйын. Муну мен өзүмдөн улам билем. Азыр деле көчөгө чыгып, бир жерге баргандан коркуп турам. Өткөндө эле бир курбумду милиция чакырабыз деп коркутушту. Биз арыз жазсак, милиция кызматкерлери шылдыңдап күлөт. “Анын ордунда болгондо мен да сабайт элем, сооп болуптур, силердей адамдар жашабашы керек” деп ачык эле айтышат. Биздин да эс алгыбыз келет, бирок ээн-эркин баскандан коркобуз. Мени өкүндүргөнү кыз-келиндердин бизге карата орой мамилеси. ”Эмне үчүн аялдардын ажатканасына киришти" деп жерип урушкандар бар".

Зарина азыр өзүнө окшоп запкы көргөн жарандарга жардам берип келет. Ал коомчулуктун азчылыкка болгон мамилеси өзгөрсө деп тилейт.

"2014-2015-жылдары милициянын куугунтугуна кабылып, батиримдин эшигин илип алып, айнектен карасам эки жакта адамдар турган экен. Ошондо адвокаттар менен чыгып, Бишкекке кетүүгө аргасыз болгом. Мени таанып, жакын мамиледе болгондор деле тээп, уруп, акчамды тартып алган учурлар баштан өттү. Ошондой бир учурдан кийин арыз жазып, органда иштеген кызматкерди иштен алдырганбыз. Аябай кыйын болгон. Оштон арыз жазайын десем, "бул транс эмнеге арыз жазат?” - деп мени шылдыңдашкан. Көп нерсе ориентациянын айынан болот. Укук коргоо органдарынан жардам сурап, беш-алты жолу чалганда араң келишет. Бирок аларга 100% ишеним жок. Биздин укуктарыбызды деле бирөө коргошу керек да", - деди Зарина.

Зарина жеке жашоосундагы сырларын эч ким менен бөлүшпөй турганын айтууда. Анткени жакындары анын ишениминен чыккан. Жалгыз гана өзүнө ишенет. Кээде сааттап олтуруп сүкүт (медитация) чалат. Коомчулукта ал сыяктуу адамдарга түшүнүү менен мамиле болсо деп кыялданат. Адамдар бири-бирин кандай болсо ошондой кабыл алса деп тилейт. Өзү сыяктуулардын укугун коргоп, ал башынан өткөргөн кыйынчылыктарга башкалар кабылбаса деп, акысыз жардам көрсөтөт.

Адам укуктары тегиз корголгон жашоо жакын арада келерине көзү жетпесе да үмүтүн үзбөгөн Зарина сүйлөп жатып жашып кетти.

Кыргыз коомунда сексуалдык ориентациясын ачык билдиргендер ар кандай кооптуу жагдайга кабылышы ыктымал. Өлкөдө мамлекеттик деңгээлде квир коомуна карата тыюу күч. Укук коргоочулар жана активисттер соңку кезде адам укуктарына каршы келүүчү мыйзамдардын кабыл алынып жатканын айтып, коңгуроо кагууда

Unit журналисттер жана активисттер коомунун колдоосу менен даярдалган макаланын автору фрилансер журналист Майрамбек Муса.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Пенсионеры дождались обещанного: с мая 2024 раздают путевки в санаторий на море

Дипломатическая битва космического масштаба // Как Россия и США продвигали в ООН конкурирующие резолюции по оружию в космосе

В Москве произошла стрельба во время массовой драки, двое пострадали

Сергунина: в Москве появилась собственная платформа по разработке моделей ИИ

Музыкальные новости

Бурятский театр «Ульгэр» показал на выставке «Театральная весна» кукольный постановку: Россия, Дети, нацпроект Культура

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Cadillac насмерть сбил пенсионерку в центре Москвы

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Новости России

На Российском нефтегазохимическом форуме в Уфе компания из Москвы представила разработки в приборостроении

МЧС: плотный туман в Москве продержится до 7 утра 22 мая

Очевидец рассказал, что участники перестрелки в Москве покинули место ЧП сами

Экс-игрок ЦСКА Вернблум о базе: клуб не хотел тратить деньги на роскошное жилье

Экология в России и мире

Футболисты ФК «Динамо Пушкино» заняли второе место в межрегиональном турнире Laffy Cup 2024

Щитовидная железа - что это? Где находится? Какие заболевания вызывает?

Выездной Фотограф для всех желающих, ну и конечно Артистов и Музыкантов.

Выставки индустрии моды в Москве

Спорт в России и мире

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Moscow.media

MONT расширил продуктовую линейку ИБ-решений при поддержке «Сайберпик»

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Сергунина: в Москве появилась собственная платформа по разработке моделей ИИ

На Российском нефтегазохимическом форуме в Уфе компания из Москвы представила разработки в приборостроении

В Москве после драки в Бирюлево возбуждено уголовное дело

Экс-игрок ЦСКА Вернблум о базе: клуб не хотел тратить деньги на роскошное жилье