Мы в Telegram
Добавить новость

Россиян пригласили до 2 июня сдать накопившуюся мелочь в банки

В Москве открывается новое здание Третьяковской галлереи на Кадашевской набережной

Архитектор Алексей Тимофеев заявил, что ИИ помогает в поиске формы

На «Чернышевской» завершились основные строительные работы

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Мектепти да сата баштадык". Казакстанда колдон-колго өткөн имарат

Казакстандын Алматы облусунун Карасай районундагы Шалкар айылындагы балдар жакында жаңы мектепке которулду. Эски имаратты сатып жиберишти. Аны бала бакча кылып ачканга инвестор издейбиз деген жүйө менен ушинтишти. Бирок бул мүлк колдон колго өтүп, акыры белгилүү диний ишмердин энчиси болуп калды. Ал жерде эч кандай бала бакча ачылган жок.

“Азаттыктын” казак кызматы мектептин кандайча жана эмне үчүн сатылганын, аны бири-бирине өткөрүп берген адамдардын өз ара кандай алакасы бар экенин иликтеди.

КОЛДОН–КОЛГО

“Мен сиздерге суук кабар айтайын. Эми биз атүгүл мектептерди да сата баштадык”, – деди “Аманат” партиясынан шайланган депутат Максат Толукбай 5-июнда Мажилистин жыйынында.

"Алматы облусунун Карасай районундагы Шалкар айылында Ломоносов атындагы мектеби бар болчу. 250 балага ылайыкталган. Акыркы жылдары толук оңдоодон өткөрүлүп, жаңы спортзал курулган эле. Мектеп жеке менчикке сатылганга чейин айылдык балдар жыргап жүргөн. Аны ким сатты? Акимат гана сата алмак. Дагы ким? Ал аны кимдир бирөөдөн сатып алып, 15 миллион теңгеге сатыптыр. Ошентип колмо-кол болуп кетиптир. Дагы бирөө аны 80 миллион теңгеге баалап сатыптыр", – деп айтты депутат.

Окуя тез эле уланып кетти. Толукбай Мажилисте сүйлөгөн күнү журналист Диас Нуракын Facebook’та мектептин сатылышы боюнча документтерди жарыялады. Аларда көрсөтүлгөндөй, 2018-жылдын январь айында бул билим берүү мекемеси райондук билим берүү бөлүмүнөн акиматка таандык “Карасай турак жай курулуш” компаниясынын менчигине өткөрүп берилген.

Аянты 1585 чарчы метрди түзгөн имарат 75 сотых жери менен кошо 15 миллион 224 миң теңгеге бааланган.

 

Бир айдан кийин райондун акиматы “Карасай турак жай курулуш” компаниясынын карамагындагы имаратты сатуу жөнүндө жарлык чыгарды. Мажилисте сүйлөгөн депутат Толукбай Алматынын четиндеги айылдагы мектеп имараты базар баасынан алда канча арзан сатылган деди.

Бир жумадан кийин мектепти айтылган баада Шерхан Алибекулы деген бирөө сатып алды. Ошол кезде, 2018-жылдын февраль айында, бул жигит Сулейман Демирел университетинин 19 жаштагы студенти болгон.

Эки айдан кийин Алибекулы бул мүлктү Гүлмира Омарова менен Нурсултан Шормановго ошол эле баада саткан. Алар өз кезегинде мектепке чейинки билим берүү тармагында иштеген “Нур Медикус+” компаниясын ачып, каттоодон өткөрүшкөн. Ачык булактардан алынган маалыматтар боюнча, бул компания салык төлөчү эмес экен.

Райондук акиматтын маалыматы боюнча, дагы бир жарым жылдан кийин мектептин имараты “Иргетас Курулуш-ІІ” компаниясына 80 миллион теңгеге сатылган.

Компаниянын ээси Алматы облустук кеңештин депутаты Алибек Сарсенов болгон.

Ошол жылдары ишкер Сарсенов Карасай районунан курулуш жаатында ар кандай тендерлерди өткөрүп, мамлекеттик буйрутмаларды аткарып турган. Мектептин имараты эки жарым жыл бою анын “Иргетас Курулуш-ІІ” компаниясынын балансында болгон, кийин Садуакас Олжобайга тартуу түрүндө өткөрүп берилген. Ошентип, мүлк азыркы ээсинин, белгилүү диний ишмердин менчиги болуп калды.

Садуакас Олжобай – Казакстандын Мусулмандар башкармалыгынын алдындагы Кары (Куран окуучулар) борборунун деректири.

ТАРАПТАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Мектеп сатылган кезде Карасай районунун акими болуп турган Махаббат Бигелдиев мыйзам бузулган эмес дейт. Ал депутат Толукбайдын парламенттеги сөзүн орунсуз деп, прокуратура текшерген учурда бул боюнча түшүндүрмө бергенин айтты.

Бигелдиевдин айтымында, айылдын балдары жаңы мектепке которулганда, эски имараттын баасы аныкталган. Бул үчүн “лицензиясы бар атайын мекеменин” адистери чакырылган болчу дейт.

Андан кийин жергиликтүү бийликтегилер бул мүлктү эмне кылуу керектигин караган.

“Биз бул маселени Шалкардын тургундары менен жолугушууда көтөрдүк. Эл бала бакча ачыш керек деди. Биз [облустук билим берүү башкармалыгына] кайрылдык эле, алар: “Эгер каалоочулар болсо, бузулуп калгандан көрө мектепти бекер бергиле” дешти. Имаратты бекер өткөрүп берүү механизми болгон эмес. Карасай районунда бир ишкер бар эле. Биз ага кайрылып: “Бул имаратты 15 миллион сомго алыңыз, бирок бир гана шарт менен – бала бакча катары колдонуу керек” дедик. Ошентип, имаратты өткөрүп бердик. Баары мыйзамдуу жана бардык органдар менен макулдашылган болчу”, – деди “Азаттыка” Бигелдиев.

Жогоруда аты аталган мурдагы аким, ишкер – “Иргетас-Курулуш-ІІ” компаниясынын ээси. Шерхан Алибекулы, ошол учурда мүлктүн биринчи ээси болгон студент ушул бизнесмендин уулу экен.

Сарсенов “Азаттыкка” берген маегинде, Бигелдиевдин сөзүн ырастап, мүлк чын эле анын уулуна өткөрүп берилгенин айтты. Ал кийинчерээк Нурсултан Шорманов жана Гүлмира Омарова аттуу ишкерлер бала бакча ачабыз деген убада менен сатып алышкан деди.

Алар менен сүйлөшө алган жокпуз. Бизнесмен Нурсултан Шорманов “Азаттыктын” кабарчысынын суроосун угуп, дароо телефонун өчүрүп салды.

Сарсенов болсо Шорманов менен Омарова бала бакча ача албай калгандан кийин кыймылсыз мүлктү кайра сатып алууга аргасыз болгонун айтты.

“Алар бир аз оңдоп-түзөп, курулуш иштерин жүргүзүшкөн эле. Андан кийин алар ишти уланта албайбыз деп баш тартышты. Мен маселеге кол шилтеп, күнөөнү башкаларга оодарган кишидей көрүнгүм келбеди. Ошондуктан алардын бардык чыгымдарын төлөп, кыймылсыз мүлктү кайтарып алайын дедим. Ошентип, баасын бычып, 80 миллион теӊгеге сатып алдым”, – деди “Азаттыктын” кабарчысына Сарсенов.

Ишкердин айтымында, кыймылсыз мүлктүн наркы “оңдоо баасын эске алуу менен” ушунчалык жогорулатылган экен. Ал бала бакча ачуу долбооруна мамлекеттен колдоо көрсөтүлбөгөнүнө наалып, Толукбайдын айыптоосун “бир беткей” деди.

Сарсеновдун айтымында, бизнесмен мектепти азыркы ээси Олжобайга тартуулаганда дагы бала бакча кылып ача алат деп болжолдогон экен, бирок ал деле бул жагынан чоң кыйынчылыктарга туш болуптур.

“Анын бала бакчалар менен алектенген шериги бар, аты Фархат. Ал ушул имаратта бала бакча ачууга жардам бермекчи болуптур: “Эгер сиздин колуӊуздан келбесе, мен аракет кылып көрөйүн” дептир. Ошондуктан мен аларга имаратты бекер өткөрүп бердим. Алар райондук жана облустук акиматка эки-үч жолу кат менен кайрылышкан, бирок азырынча эч кандай жылыш жок”, – деди Сарсенов.

Бизнесмендин айтымында, ушул жылдын март айында ал акиматка имаратты кайра алгыла деп сунуш кылыптыр, бирок алар “мүлктү мыйзамдуу жол менен кайтарып алууну” чечиптир. Маселе парламентте көтөрүлгөндөн кийин, Олжобайдан имаратты акиматка бекер кайтарып берери жөнүндө тил кат алдым дейт Сарсенов.

“[8-июнда] эртең менен саат 10–11лерде мен Карасай районунун акиматына барып, арыз жаздым. Аларга бардыгын өткөрүп бердим”, – деди бизнесмен.

Карасай районунун азыркы акими Жасулан Естенов окуя башкача болгон деди. Депутат Толыкбайдын сөзүнөн кийин аким имаратты мамлекетке кайтаруу процесси үч ай мурун башталганын айтты.

Мажилис мүчөсү Толукбай “Азаттыкка” берген маегинде бул окуяларды көптөгөн мамлекеттик органдар билген “мыйзам бузуу” деп атады.

“Жергиликтүү прокуратура билет. Антикор (коррупцияга каршы күрөшүү мекемеси. – ред.) дагы билет. Акиматтагылар билет. Антикор сотко берди. Прокуратура дагы арыз берет. Бирок бардык дооматтар кайтарып алынды. Райондун акими имаратты өзүбүз деле кайтарып алууга камынган элек деген мааниде пост жарыялады. Эгерде жергиликтүү бийлик өзү кайтарып алмакчы болгон болсо, анда 2018-жылдан бери эмне кылып жүргөн? Беш жылдан көп убакыт өттү”, – деди депутат.

Мажилис депутат Максат Толукбайдын бир тууганы, Карасай райондук кеңешинин депутаты Самат Толукбай апрель айында Карасай райондук прокуратурасына мектеп тууралуу суроо-талап менен кайрылган. Ошондо мектеп жеке менчикке “мыйзамсыз” өткөрүп берилген деп жооп келген.

Бирок быйыл март айында Алматы облустук административдик соту, андан кийин райондор аралык экономикалык сот акиматтын кыймылсыз мүлктү ажыратуу чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арызды артка кайтарды. Административдик сот бул дооматтарды өзүнүн арбитражында кароого болбойт деп чечти.

Райондук акимат билдиргендей, кайрадан берилген арыздын негизинде сот процесси башталды. Кайсы сотто жана өкүм чыгарыларын алар айткан жок.

14-июнда Алматы облусунун акими мектеп мамлекеттик менчикке кайтарылганын билдирди.

“Азаттыктын” казак кызматы жарыяланган макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

На «Чернышевской» завершились основные строительные работы

В Москве открывается новое здание Третьяковской галлереи на Кадашевской набережной

"Турецкого султана" едва не скинули с трона: При чём тут Россия, сказал политолог

Канада ввела санкции против России

Музыкальные новости

В столице Туркменистана - Ашхабаде открыли памятник легендарному армянскому поэту и композитору Саят-Нове

Владимир Путин попросил передать послание духовному лидеру Ирана

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении

Новости России

Иммунолог Болибок рассказал о недостатках законопроекта об удаленке для аллергиков

На «Чернышевской» завершились основные строительные работы

В городском округе Пушкинский продолжает работу «выездная администрация»

В ЯНАО ожидается штормовой ветер

Экология в России и мире

Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.

Как поделиться местоположением в WhatsApp: пошаговое руководство

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Июньские дни духовности: Православные праздники месяца от ясновидящей Галины Янко

Спорт в России и мире

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения

Moscow.media

Курайская степь.

Новые наушники Nothing Ear и Ear (a) уже доступны

АО «ДиМ» демонтировало 40% старого путепровода над железнодорожными путями

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Минсельхоз распределил поставки сахара в страны ЕАЭС

Россиян пригласили до 2 июня сдать накопившуюся мелочь в банки

Канада ввела санкции против России

"Турецкого султана" едва не скинули с трона: При чём тут Россия, сказал политолог