Мы в Telegram
Добавить новость

Вице-президент Ирана: установлен контакт с 2 пассажирами вертолета президента

Под Москвой произошел мощный пожар на фабрике

МИД РФ предложил Ирану помощь в поисках вертолета Раиси после крушения

Суд отправил под домашний арест топ-менеджера «дочки» РЖД



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Чет элдик өкүл": Бишкектеги акция, авторлуктан баш тарткан депутаттар

“Чет өлкөлүк өкүл” деген макам камтылган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору парламенттеги тармактык комитетинин 27-июндагы отурумунда күн тартибинен алынды. Буга мыйзам долбооруна демилгечи болгон айрым депутаттардын авторлуктан баш тартканы себеп болду.  Ар тармактарда иш алып барган активдүү жарандар “чет өлкөлүк өкүл” аталып калышы ыктымал экени айтылган "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоорунун айласында окуялар өнүгүп, талаш-талкуу күчөдү.

Ак үй алдындагы акция

"Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү 26-июнда Жогорку Кеңеш имаратынын алдында депутаттарды мыйзамдан баш тартууга чакырган баракчаларды таратышты. Бир катар эл өкүлдөрүнүн колуна берилген кайрылууда мыйзам сөз эркиндигин чектеп, Конституцияга каршы келери белгиленген. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова депутаттарды мындай демилгелерди четке кагууга үндөдү.

“Коомдогу көйгөйлөрдү чечип, мыйзамдарды эл аралык деңгээлге алып чыгышы керек. Депутаттар болсо Конституцияны тебелеп жатат. ЖМКга, бейөкмөт уюмдарга каршы демилгелерди кайтарып алып, күзүндө жарандык коом менен бирге иш алып барууга өтүшү керек", - деди укук коргоочу.

Уюмдун кайрылуусун колуна алган алган айрым депутаттарга микрофон сундук. Алардын бири Жалолидин Нурбаев мыйзамга каршы экенин айтты.

"Мен башынан эле каршымын. Бейөкмөт уюмдардын ишин чектейт деп ойлойм. Көп уюмдар менен айыл өкмөттөрдө иштешкенбиз, азыр дагы иштеп жатабыз", - деди ал.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциянын жетекчиси Бактыбек Сыдыков өлкөдө сөз эркиндиги чектелбеши керек деген ойдо.

"Бизде сөз эркиндиги, эркин медиа деген бар. Алар болушу керек. Мен бир эле нерсеге каршымын. Кирип жаткан акчалар көзөмөлдө болушу зарыл".

Дагы бир фракция - “Ишенимдин" башчысы Марлен Маматалиев мындай пикирин ортого салды.

“Фракция башчысы катары мыйзамды өткөргүлө деп үгүт кылбайм. Бейөкмөт уюмдар мамлекет кылбаганды кылып жүрүшөт. Аларга көз карашым түз эле. Бирок, алардын арасында саясатка киришкенин жактырбайм”.

Буга чейин бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоору Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин 27-июндагы отурумунда каралары Жогорку Кеңештин расмий сайтында кабарланган. Бирок, 26-июнда парламенттин сайтында комитеттин күн тартибинен бул маселе алынып калган.

Парламенттин басма сөз кызматы документтин күн тартибинен алынганын ырастады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Надира Нарматова менен байланышканыбызда, ал “күн тартибинде эле турат” деген жооп уктук. 

"Баары мен ойлогондон терең экен" 

Ал ортодо бул мыйзамдын авторлугунан баш тарткан депутаттардын катары калыңдады. Буга чейин депутаттар Бактыбек Чойбеков, Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Шайлообек Атазов баш тартканын расмий жарыялашкан.

26-июнда депутат Лейла Лурова ушундай кадамга барганын “Азаттыкка” билдирди:

“Алгач “эл аралык уюмдар бөлгөн акча кандайча сарпталып жатканы тууралуу отчет талап кылынат” деп гана айтышкан болчу. Мисалы, ЛГБТга байланыштуу маселеде, ооба, мен аларды Глобалдык фонддон каржылоонун ачык болушун колдойм, себеби үч жылда бир жолу 29 миллион деген Кыргызстан үчүн чоң акча. Бул мыйзамдын максаты ошол экен деп ойлогом. Бирок баары андан да терең экен, менин көз карашыма каршы келет экен. Анын үстүнө мен аялга жана балага зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катуулатуу мыйзамынын демилгечисимин. Ал уюмдардын жардамысыз мындай күрөштү жүргүзүү реалдуу эмес”.

Дагы бир депутат Карим Ханжеза өзүнүн сунуштары бар экенин, эгер алар өтпөсө, авторлуктан баш тартарын айтты.

Депутаттар Таалайбек Сарыбашев жана Алишер Козуев да арсар абалда экени белгилүү болгон. Мыйзамга автор болгон дагы бир депутат Максатбек Сарбагышев да булардын катарында экени айтылып жатат, бирок ал өзү азырынча комментарий бере элек.

Активист Нурсултан Акылбек жарандык коом мыйзамдын кесепеттерин эл өкүлдөрүнө, бийликке жеткирүүнү улантуу керек деген ою менен бөлүштү:

"Мыйзам долбоорунун токтотулуп жатышына эл аралык уюмдардын билдирүүлөрү таасир этти. Депутаттарга деле бийликтен ишарат болгон окшойт. Мыйзам өтпөй калчудай болгондуктан, күн тартибинен алынды окшойт. Бирок, кайра "фейк мыйзамындай" кайтып келиши мүмкүн. Азыркы сессияга үлгүрбөй калды. Кийинкиге чейин жарандык коом иштеши керек", - деди Нурсултан Акылбек.

Мыйзамдагы катаал чаралар

Мыйзам долбоорун юристтер, укук коргоочулар тобу жана бир катар медиалар ийне-жибине чейин анализдеп чыгышты. Анда коомдогу ар кандай маселелерди көтөргөн активдүү жарандар, блогер, ырчылар дагы "чет өлкөлүк өкүл" макамына туш келип калышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө.

Долбоор коомдук талкууга коюлгандан бери жергиликтүү жана эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин мыйзамга кол койбоого чакырып жатышат. БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве 23-июнда Жогорку Кеңеште өткөн жыйынында социалдык, билим берүү, медицина, айыл чарба багытындагы долбоорлорго кедергиси тийип каларын эскерткен.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган "чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Страны ЕС обсуждают новые шаги против теневого флота России

Молекулярная спектроскопия и анализ веществ: ...

В Казани гала-концерт «Юные виртуозы Казани — 2024» состоится 5 июня

Главе ведомства будет представлен доклад о ходе расследования уголовного дела о нарушении жилищных прав граждан в Московской области

Музыкальные новости

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Проводы Джикии, дубль Сулейманова и парады голов в Нижнем Новгороде и Екатеринбурге: чем запомнился 29-й тур РПЛ

Россия, Культура, Теат, Дети, ПДД: кукольным языком о дорожной безопасности детям показали в Ульгэре

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Новости России

Неизвестные застрелили собаку жительницы горокруга Шатура

В Казани гала-концерт «Юные виртуозы Казани — 2024» состоится 5 июня

Смартфон как личный брокер

Поссорившиеся супруги оставили младенца на крыльце магазина в Москве

Экология в России и мире

Более 500 человек посетили «Ночь музеев» в Ставропольской краевой психиатрической больнице №1

Выставки индустрии моды в Москве

Осторожно ВПЧ! Доктор Кутушов рассказал от чего появляются папилломы на теле

Команда ювелирной сети «585*ЗОЛОТОЙ» приняла участие в благотворительном забеге от фонда «Антон тут рядом»

Спорт в России и мире

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Экс‑теннисистка Джорджи обвиняется в краже мебели и ковров на €100 тысяч — СМИ

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Moscow.media

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Вологодские зарисовки

В деле об убийстве в Екатеринбурге шестилетнего мальчика появился третий фигурант











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В Казани гала-концерт «Юные виртуозы Казани — 2024» состоится 5 июня

Поссорившиеся супруги оставили младенца на крыльце магазина в Москве

Аналитики: зарплату больше 100 тысяч рублей красноярцы будут получать через пять лет

Лубянка — Трубная: детские сказки и взрослые ужасы