Бишкек жайкы аптапта сууга чаңкап турат. Суу башында турган өлкөнүн баш калаасы таза сууга зар болот деп ким ойлоптур? Ушул тапта Бишкектин түштүк-батыш аймагындагы Арча-Бешик, Ынтымак, ТЭЦ-2, Селекция, Орок, Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарынын тургундары ичүүчү суунун машакатын өзгөчө тартууда.