5-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын илими жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Мыйзамдын долбоорун талкуулоо маалында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жана Улуттук аттестациялык комиссия эл аралык илимий даража - PhDни мыйзамга киргизүүгө каршы болду. Мыйзамдын демилгечиси болгон Билим берүү жана илим министрлиги PhD окумуштуулук даража эмес, квалификациялык деңгээл катары мыйзамга киргизилип жатканын айтты.