Жекшембиде Орусиянын ар кайсы шаарларында түрмөдөгү оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акцияларда кеминде 100 киши кармалганын "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору кабарлады. 4-июнда түрмөдө 47 жашка чыккан Навальныйга колдоо иретинде дүйнөнүн ондогон шаарында акциялар өттү. Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат.