Президент Садыр Жапаров учурда өлкөнүн алдындагы негизги милдеттер - демократиялык принциптерди бекемдөө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин кепилдигин чыңдоо экенин билдирди.
Мамлекет башчы мындай билдирүүсүн Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 5-майда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан иш-чарада жасады. Ал 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын максаты - эффективдүү мамлекеттик башкарууну уюштуруу экенин айтты.
"Биз Конституциянын ченемдери менен принциптеринин сакталышын жана жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу үчүн тынымсыз иштешибиз керек. Азыркы учурда Конституция элдин биримдигинин, өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын жана мамлекеттик бүтүндүгүнүн, азыркы Кыргызстандын демократиялык, саясий, укуктук, экономикалык жана идеологиялык негиздеринин калыптанышынын негизи болуп саналат. Конституциянын өнүгүүгө өбөлгө болчу потенциалы жогору", - деди президент.
Ал мамлекет олигархиялык топтордун жана кландардын барымтасында калбашы үчүн мамлекетте демократиялык жол-жоболор колдонулушу керектигин, жеке кызыкчылыгын көздөгөн топторго каршы туруу үчүн жарамдуу административдик бийлик талап кылынарын кошумчалады.
Президент өлкөдө сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турарын белгилеп, “мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер” деген принцип сакталарын айтты.
Кыргызстанда экологияны коргоо багытындагы иштер уланышы керектигин, экономиканы өнүктүрүү үчүн чет өлкөдөн инвестицияларды тартуу зарылдыгын белгиледи.
Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан берки аралыкта бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болду.
2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү түп-тамыры менен президенттик башкарууга кайра кайтарып, саясий системаны баштапкы абалга алып келген.
“Чек арасыз кабарчылар” уюму ушул жумада Кыргызстан быйыл басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга түшүп, 122-сапка жайгашканын билдирди. Бул – аймактагы абдан сезилерлик начарлоо. Дүйнөлүк алкакта 57 позициясын жоготкон Бутан гана Кыргызстандын алдында турат.
Бул жолку баяндамасында уюм журналистика жалган маалымат таратуу индустриясынын коркунучуна туш болгонун белгиледи.
3-майда жарык көргөн докладда уюм 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттарды, абалды анализдеп чыккан. Натыйжада адистер 31 өлкөдө кырдаал “өтө олуттуу”, 42 өлкөдө “кыйын”, 55 жерде “көйгөйлүү”, 52синде “жакшы” же “канааттандырарлык” деген бүтүмгө келди.
Авторлор Борбор Азиянын жалпы көрсөткүчтөрү начарлаганын белгилешет. Алсак, Тажикстан “көйгөйлүү” деген топтон “өтө олуттуу”дегендердин арасына кошулган үч өлкөнүн катарына кирип, 153-сапка түштү. Казакстан - 134, Өзбекстан - 137, Түркмөнстан - 176-орунда турат. Кыргызстан кошуналарга салыштырмалуу өйдөрөөк, 122-сапка жайгашканы менен былтыркыга караганда 50 орунга ылдыйлап кеткен. Башка коңшуларда өзгөрүүлөр анча сезилерик эмес. Мисалы Өзбекстан төрт сапка гана түшкөн.