Орусиянын президенти Владимир Путин жарандарды аскерге электрондук түрдө чакыртууга жол берген мыйзамга кол койду. Мыйзамды апта башында Мамлекеттик Дума жана Федерация кеңеши дээрлик бир добуштан колдоп берген.
Жаңы мыйзамга ылайык, аскерге милдеттүү жарандардын бирдиктүү реестри түзүлөт жана аскерге чакыруунун жаңы ыкмасы - электрондук жана буйрутма кат менен чакыруу ишке кирет. Электрондук түрдө чакыруу "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталы аркылуу жиберилет. Мурда аскерге чакыруу кагазы жарандын колуна же жумуштагы жетекчиси аркылуу берилчү.
Аскерге чакыруу "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталындагы жеке бөлмөгө жайгаштырылгандан тартып, жарандын колуна түштү деп эсептелет. Чакыруу жиберилген аскерге милдеттүү жаран аскер комиссариатына барганга чейин өлкөдөн чыгып кете албайт. 20 күн ичинде комиссариатка келбеген жаранга кошумча тыюулар салынат. Бул жаран ишкер катары каттала албайт, кыймылсыз мүлкүн жана автоунаасын каттата албайт, унаа айдоого жана банктардан насыя алуу укугу чектелет.
Аскерге милдеттүүлөрдүн реестрин аскер комиссариаттары түзөт. Ал жерде аскерге милдеттүү жаран тууралуу бардык маалыматтар камтылат жана медициналык мекемелерге, окуу жайларга, салык кызматына, күч кызматтарына жана башка тиешелүү мекемелерге берилет.
Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мурдараак журналисттерге бул мыйзам долбоору аскерге чакырууну тартипке салууну гана көздөй турганын, элди дүрбөлөңгө салбашы жана эмиграциянын жаңы толкунун жаратпашы керектигин айткан.
Айрым эксперттер аскерге электрондук чакыруу мыйзамы менен орус президенти Владимир Путин согушту узартууну - жаңы аймактарды басып алууну эмес, мурда оккупацияланган аймактарды кармап калууну көздөп жатканын айтышууда.