Астанада өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында балбан кыз Айсулуу Тыныбекова дагы бир алтын байге утуп, Азиянын беш жолку чемпиону болду. Ал кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону атанган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды.
Тыныбекова Азия чемпионатында 62 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, финалда монголиялык балбан кыз Оркхон Пуревдрож менен беттешти.
Буга чейин Тыныбекова менен Пуревдрож эки жолу беттешип, бир ирет Айсулуу жеңишке жетсе, бир ирет жеңиш Пуревдрож тарапта болгон.
Айсулуу Тыныбекова беттешин чейрек финалдан баштап, алгачкы атаандашы өзбекстандык Дилфуза Аимбетованы көтөрүп чаап, далысын килемге басып утуп кетти.
Жарым финалда жапониялык Нонока Озока менен 2:2 эсебинде тең чыгып, Айсулуу Тыныбекова эки упайды чогуу, ал эми жапон кыз бир-бирден бөлүп алганы үчүн жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылды.
Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. Ал 2013-жылдан баштап (2018-жылды кошпогондо) Азия чемпионатына тогуз жолу катышып, бардыгында тең байге алган. Буга чейин төрт жолу жеңүүчү аталса, үч күмүш, эки коло байге уткан.
Дүйнө чемпионатында эки алтын, бир коло байге алган. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.
1-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн таймаштар башталып, бул күнү Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Калмира Билимбек кызы жана Арууке Кадырбек кызы мелдешке чыгышты. Жыйынтыгында Айпери Медет кызы күмүш байге утса, Калмира Билимбек кызы коло байгеге ээ болду. (GT)