Мы в Telegram
Добавить новость

Эксперт Гудова: Мебель для кухни в России подорожала на десять процентов

В Польше создадут новую комиссию по расследованию "российского влияния"

Росгвардия предотвратила пожар в частном доме в Электростали

Актриса Самбурская заступилась за сыгравшую в «Красных линиях» певицу Гагарину

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Асман" президенттин иш башкармалыгына өттү

"Асман" шаарын куруу иши мамлекеттик дирекциядан президенттин иш башкармалыгына өттү.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин 22-марттагы жыйынында кабыл алынды. Бийлик Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген жана ошондон бери бул долбоордун айланасында талаш-талкуу токтой элек.

Кыргыз өкмөтү "Асман" шаарын куруу долбоорун мындан ары президенттин иш башкармалыгы колго алганы тууралуу учкай билдирүү таратты. Анда "бул чечим натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн кабыл алынганы" белгиленген.

"Мындай кадам бюджеттен башка каражат эсебинен “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун ишке ашыруу үчүн оперативдүү чечимдерди кабыл алууну тездетүүгө багытталган", - деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

Асман шаарын куруу дирекциясынын башчысы Русланбек Акматалиев иш жүрүп жатканын айтуу менен чектелип, анын чоо-жайына токтолгон жок.

"Инвесторлор бар, долбоор даярдалып жатат. Азыр интервью бербей эле тынч иштей берели. Баары даяр болгондо ошондо айтсак болот. Иштер жакшы, жылып жатат. Тору-Айгыр менен Чырпыктынын ортосундагы аянты беш чакырымга жылды, жалпы аянты 4 миң 15 гектар".

Долбоордун таржымалы

Бийлик Ысык-Көлдүн жээгине кеминде 1,5 млн. жашоочуга ылайыкташкан, экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курула турганын 2021-жылы жайында жарыялаган.

Анда бул шаар Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын өйдө жагына курулары, толугу менен 7-10 жыл аралыгында салынары айтылган.

Ошондой эле долбоор Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнү, туризмди өнүктүрүүнү көздөрү белгиленген. Баштапкы долбоордо шаар үстүнөн караганда комузга окшош болору көрсөтүлгөн. Өкмөт Асман шаарын куруу дирекциясын 2021-жылы сентябрда түзгөн.

Президент Садыр Жапаров ошол жылы октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, шаар куруу долбоорун сындагандарга жооп берген жана "Асман" кандай шартта, качан куруларын айткан.

"Долбоорлорду иштеп чыгуу жок дегенде эле бир же 1,5 жылдык убакытты алат. "Кана башталганы, качан бүтөт?" деп сындап жаткандар бар. Биз сыйкырчы эмеспиз, "сүф" десек эле шаар туруп калгыдай. Кагаз жана башка иштер бар дегендей. Анан "бюджетте акча жок болсо кантип курат" деген дагы жерлери бар. Бюджеттен биз бир тыйын дагы акча короткон жерибиз жок. Бардыгы ушул инвесторлордун акчасы менен болуп жатат. Дирекция түзүлдү. Эртеби-кечпи, бул шаар салына баштайт. Биз гектарлаган жерди инвесторлорго бөлүп беребиз. Түркиядан, Араб өлкөлөрүнөн, кошуна мамлекеттерден жана Орусиядан инвесторлор келип, жер сурап жатат. Биз квартал-кварталга бөлүп, ошолорго беребиз. Ошолордун акчасы кетет. Биздин божомолубузда 20 млрд. доллардын тегерегинде акча кетет. Алар салып бүткөндөн кийин өздөрү сатып, пайдасын өздөрү көрөт. Мамлекет болсо инфраструктурасын, суусун, жарыгын киргизип берет. Бишкек-Ош кошумча жолу бүтүп жатат, ошол жол менен Ош, Жалал-Абаддан Балыкчыга төрт-беш сааттын ичинде келип калса болот. Ары жактан Фергана өрөөнүнөн көлгө келсе болот. Бул шаардын келечеги абдан чоң".

"Асман" француз инвесторлорун кызыктырабы?

2021-жылдын аягында президенттин мурдагы кеңешчиси Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, Равшанбек Сабиров "Асман" шаарын куруу долбооруна байланыштуу Франциядан инвесторлор менен сүйлөшүү аяктаганын жана 2022-жылы март айында курулуш башталарын билдирген.

Ошол кезде "Асман" шаарын куруу дирекциясынын жетекчиси болуп "Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев дайындалган.

Убагында мыйзамсыз жер тилкелерин алууга жана курулушка байланыштуу иш козголуп, издөөдө жүргөн ишкердин бул кызматка келиши талкуу жараткан. Көп өтпөй, апрель айында анын ордуна "Асман" шаарын куруу долбоорунун автору экени айтылган ишкер Русланбек Акматалиев дайындалган.

Акматалиев анда "Асман" шаары түшчү жер өзгөргөнүн айткан. Ошондой эле, долбоорго инвестиция салууну көздөгөн франциялык үч компаниянын өкүлү менен мамлекет башчысы жолугуп, демилгелери менен таанышканын билдирген.

Былтыр сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Асман" шаарын курууга байланыштуу жыйын өткөргөн. Анда курулуш иштерин алгач 20 миңдей адамга ылайыкташкан шаарчадан баштоо керектигин, ал жакта элдин саламаттыгын чыңдоо жана туристтерди тартуу үчүн жайы-кышы тийиштүү шарт болушу зарылдыгын белгилеген. Анда долбоордун үч концепциясы талкууланган. Документтерди Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университети, Долбоорлоо илимий-изилдөө институтунун Ысык-Көл филиалы жана "Кыргызреставрация" ишканасы даярдаганы белгилүү болгон.

"Биринчи башкы планын түзүү керек. Геологиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүү абзел. Шаар куруу буга чейин ой-кыял болсо, эми биз биринчи этапка кире баштадык", - деген өкмөт башчы.

Деген менен инвесторлорго байланыштуу талаш-талкуу көп. Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров мындай долбоорлордо инвестициялык климат маанилүү экенине токтолду.

"Узак мөөнөттүү, туруктуу инвестиция салам деген инвесторду кызыктырган эң башкы нерсе - ошол инвестициянын коопсуздугу. Тактап айтканда, мыйзамдардын, соттордун таза иштеши жана инвестициялык климат. Менимче, биринчи кезекте ошол маселени чечип алсак "Асман" шаарын куруу жана башка долбоорлорду баштасак болот. Болбосо мындай шартсыз кыйын болот, көп инвестор деле келбейт. "Асманга" окшогон долбоорлор мисалы, Казакстанда болгон. Эми Астана мамлекеттин күчү менен миллиарддаган долларга курулган. Бул жерге көбүнчө мамлекеттин, мунайдын акчасы кирген. Бизде болсо андай мүмкүнчүлүк жок. Болгон ишеним сырттан келген инвесторлордо. Ал эми инвесторлор инвестициялык климат жакшырып, коопсуздук корголуп, коррупция жок болгондо гана келет".

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикиринде, долбоор баштала электе эле андан күмөн санаткан бир катар жагдайлар орун алды. Ошондой эле өлкөдө соңку кырдаалдан улам шаар куруунун зарылдыгы тууралуу маселе бар.

"Эл арасында, коомчулукта биздин өкмөт ушул долбоор менен шылдыңга кабылып калды. Ири долбоордун жетекчилигине элде түрдүү пикир жараткан Файзиевди дайындаганда эле бул долбоордон күмөн санашкан. Андан бери жетекчилери алмашты, эми долбоор президенттин иш башкармалыгына өттү деп жатышат. Негизи эле ушундай долбоорлор зарыл эмес деген ойдомун. Бизде андан башка приоритеттүү экономикалык-социалдык жана коопсуздук маселелери турат. Андан сырткары азыр казынаны эки-үч эсе көбөйтөбүз деген ниет менен баштаган салык реформасы, айып пулдардын көбөйүшү өтө чоң нааразылык жаратты".

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, “Асман шаарынын курулушуна жол жок” деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кире турганын, шаар курулса, экологиялык каатчылыкка себеп болушу ыктымал экенин эскертишкен.

Кыргызстанда ушу тапта отуздан ашуун шаар бар. Өлкө эгемендик алгандан бери жаңы калаа курулган эмес. Буга чейин бир катар активисттер Бишкектеги ыш, тыгын өңдүү көйгөйлөрдөн улам башка шаар куруп, борборду көчүрүүнү, чакан шаарлардын шартын жакшыртууну сунуштап келишкен.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Турэксперт Ансталь назвала лучшие направления для путешествий без загранпаспорта

Российские фигуристы Екатерина Гейниш и Дмитрий Чигирев намерены выступать за Узбекистан

Лавров: Россия не видит рисков в экономической экспансии Китая

Воробьев: инновации вывели сельское хозяйство Сергиева Посада в лидеры

Музыкальные новости

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Белоусов собирает новую команду в Минобороны: Ждать ли возвращения Суровикина?

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Азербайджанец в Москве проявил свой животный инстинкт в отношении 9-летней девочки и был задержан

Новости России

Серия мероприятий ко дню предпринимательства состоится в Подмосковье

Эксперт Гудова: Мебель для кухни в России подорожала на десять процентов

Лакокрасочный завод построят в Богородском округе на земле за 1 рубль

На выставке «Россия» начался фестиваль «Будущее в цветах»

Экология в России и мире

Выставки индустрии моды в Москве

Более 500 человек посетили «Ночь музеев» в Ставропольской краевой психиатрической больнице №1

Команда ювелирной сети «585*ЗОЛОТОЙ» приняла участие в благотворительном забеге от фонда «Антон тут рядом»

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Спорт в России и мире

Путинцева вернулась после 0:6 и одержала важную победу

Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP

Теннисисты Роджер Федерер и Рафаэль Надаль стали лицами рекламной кампании Louis Vuitton

Moscow.media

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Новые наушники Nothing Ear и Ear (a) уже доступны

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

«Байкал Сервис» стал партнером Премии 2ГИС











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Серия мероприятий ко дню предпринимательства состоится в Подмосковье

В Польше создадут новую комиссию по расследованию "российского влияния"

Источник 360.ru: удава достали из унитаза в квартире на северо-востоке Москвы

На выставке «Россия» начался фестиваль «Будущее в цветах»